Маданият

Кыргыз артистери Екатеринбургда Айтматовдун 95 жылдыгына карата концерт коюшту

Екатеринбургда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чыгармачыл жамааты дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата концерт коюшту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 3-апрелде кыргыз балет искусствосунун белгилүү чеберлеринин жана жаш таланттарынын аткаруусунда спектаклдерден үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Кыргызстандык артисттердин аншлаг менен коштолгон спектаклине Свердлов облусунун өкмөтүнүн, Екатеринбург шаарынын администрациясынын, чет өлкөлүк консулдук мекемелердин, жогорку жана орто окуу жайлардын, коомдук жана улуттук маданий уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле аймакта жашаган мекендештер катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button