Коом

«Ата-Бейитте» Чыңгыз Айтматовго куран окулду

Бүгүн, 10-июнь КР Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өлгөн күнүнө карата «Ата-Бейит» көрүстөнүндө куран окулду. Улуу жазуучу 2008-жылы ушул күнү көз жумган.

 

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, азирети муфтий Замир кары Ракиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери, интеллигенция өкүлдөрү катышып, жазуучунун көрүстөнүндө жай башына барып гүл коюуп, куран окуп эскеришти.

Жазуучуну эскерүү иш-чарасына анын бир тууганы Роза Айтматова, уулдары Аскар Айтматов, Эльдар Айтматов жана башка жакындары катышты.

Министр Алтынбек Максутов Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата быйыл республикада жана эл аралык деңгээлде бир катар маанилүү иш- чаралардын өтө тургандыгын билдирди.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү экенин баса белгилеп, жазуучунун ысымы кылымдар бою өчпөй турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда кыргыз элинин залкар инсаны жана сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун быйыл 95 жылдыгына карата республикада жогорку деңгээлдеги чоң иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button