Коом

Төрт айда 110 миңден ашык бала биринчи класска электрондук система менен катталды

Электрондук система аркылуу 2023-жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен кабыл алынды. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59 пайызын түзөт. Дагы 75 миң 965 бош орун бар.

Бишкек шаарында 79% орунга окуучулар катталды, Ош шаарында – 55%, Баткен облусунда – 64%, Жалал-Абад облусунда– 56%, Нарын облусунда – 66%, Ош облусунда – 52%, Талас облусунда – 64%, Чүй облусунда – 56%, Ысык-Көл облусунда – 57%.

Бишкек шаарында – 16 миң 376 бала (анын ичинен 681 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда – 20 миң 416 (анын 412си жеңилдик менен)

Чүй облусунда – 17 миң 173 (анын 347си жеңилдик менен)

Ош облусунда – 21 миң 70 (анын 313ү жеңилдик менен)

Ысык-Көл облусунда – 8 миң 531 (анын 111и жеңилдик менен)

Баткен облусунда – 10 миң 723 (анын 205и жеңилдик менен)

Талас облусунда – 4 миң 631 (анын 93ү жеңилдик менен)

Нарын облусунда – 4 миң 973 (анын 80и жеңилдик менен)

Ош шаарында – 6 миң 188 (анын 198и жеңилдик менен)

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин болсо, II этап 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт.

Биринчи класска электрондук каттоо үчүн сайт — https://mektep.edu.gov.kg/

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button