Манас аталбай эле Чоң жинди аталмай болдук.

Ажобуздун биримдик деп чуркаганы менен эле тим болбостон ар бирибиз уул кыздарыбызга иммунитетин мекенди сүйүү менен көтөрүп, татыктуу тарбия береличи…

Президентибиз күн түн дебей Элди ойлоп, уктабай иштеп жүрөт!

Бир чычкак улак бүтүндөй короону сасытат демекчи бизде андай чычкак улак пачка-пачка.

Канча мээнет менен бирине жакшы бирине жаман көрүнүп, Ошко быйыл эгемендүүлүк майрамын уюштурабыз деди …

Кыргыздын атын көтөрүп Көк-Бөрү ат оюнун уюштуруп берди…

Чындык эч убакта акмактарга жакпайт деп эле айткым келди. Ажобуз Садыр Жапаров ду канчалык көрө албай бийликке умтулуп кандай гана сөз айтканыңар менен артында калдайган калың эл турат демекчимин. Биз бийликке эмес өзүбүзгө карап көрбөйлүбү? Маданият жагынан тим эле өнүктүк деп айтсак кана кечээки маданият? Улууну урматтоо , кичүүнү ызаттоо жоголуп бараткандай! Мамлекеттик денгээлдеги көйгөй Садыр Жапаровдун президенттик тушуна келип калганына өкүнөм. Анча болду түрмөдөн чыкканда өзүнө жараша колдоочу эли да , жетишээрлик байлыгы да бар болгондон кийин өз жаны аман соо азаттыкта калганына сүйүнүп керт башын гана ойлобойт беле деген ой келет . Падыша элдин гана элегинен өтпөй жараткан кудайдын канчалаган сыноосунан өтүп анан Падыша болуп келет . Эгер ошол Падыша мартабаны көтөрө алса тарыхта алтын тамга менен жазылат. Көтөрө албаса элине , калкына кылган кыянаттыгы үчүн жараткандан чоң жаза.

Мамлекет кедей, эли бай болгону менен алдыдагы канча сыноо бар экендигин билип көрө албагандан кийин «ГАРАНТИЯ» бере албайбыз. А Мамлекетибиз бай болсо элине калкан болот эр жигит тосмо болот, калың эл жардам болот деген жакшы сөз бар.

Кимдер мамлекет деп зар какшап күрөшүп жүрсө, кимдир бирөөгө байлык мансап бийлик керек. А кимдир бирөө үчүн өз мамлекетин түптөө бакыт деп күүлөнөт…

Акылдуу эл эмес белек? Кана «Манас» деп төш каккан Манас атанын тукумдары…

Манаска 1000 жыл болсо да жапайычылыгы жөнүндө эч бир МАНАСЧЫ же китептерде айтылган эмес!!! Балким мен көрбөй калган саптарда жазылган чыгар бирок, андайларды эл душманы деп жазалап тазаланып келишкен.

Касиеттүү эл эмес белек? Касиетибизди жакшылыкка жумшасак кантет?

Бүгүнкү күндүн күнөөкөрлөрү өз кылганын «ЭРДИК» деп билген чыгар . А бирок канча өлкөгө шылдың болоордон мурда 7 миллион калктын жүрөгүн ирээнжиткенин унутпасын!

Урпагыбыз ызы-чуу менен улана албайт!

Биримдик, кыргыздын канына сиңген айкөлдүк менен уланат.

Табигый кырсык болсо бийликти күнөөлөйбүз А бүгүнкү күнүбүздү кантип ЖЕР ЭНЕ кечирсин?…..

 

Автор Нурия Исакулова