Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы Ош кыргыз драма театрына барды.

Возможно, это изображение 8 человек

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы театрдын ишмердүүлүгү менен таанышып, таш экспозицияларды көрүп чыкты, бул күндөрү Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында театрда өтүп жаткан Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборлорунун «Ош — достук шаары» көргөзмөсүнө барды.
Возможно, это изображение 6 человек и текст
Возможно, это изображение 6 человек
Бул жерде Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын атынан келген ар башка элдин аксакалдары менен баарлашып, алардын каалоо-тилектерин, акыл-насааттарын угуп, аларды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.
Мамлекет башчысы өсүп келе жаткан муундарды ата-бабадан калган каада-салтты жана үрп-адаттарды урматтоого, асылдыкка жана мекенчилдикке тарбиялоодогу аксакалдардын татыктуу ордун баса белгиледи.
Возможно, это изображение 7 человек и текст
Возможно, это изображение 2 человека и ребенок
Возможно, это изображение 6 человек и текст
Возможно, это изображение 7 человек и текст
Возможно, это изображение 10 человек и костюм
Андан соң президент Садыр Жапаровго түрдүү экспозициялар көрсөтүлдү.