Президент Садыр Жапаров бүгүн Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусунда сөз сүйлөдү.

Бешинчи Консультативдик жолугушууга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышты. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев чакырылган мейман катары катышты.

 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө консультативдик жолугушуулар жогорку деңгээлде үзгүлтүксүз диалогду колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүн, ошондой эле мамлекеттерибиздин ортосундагы өз ара ишенимди кыйла бекемдеп жатканын белгиледи.

“Биздин биргелешкен ишибиз, бири-бирибизди урматтоонун, бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды эске алуунун негизинде, ынак коңшулук духунда туруктуу диалог жана баарлашуу бардык тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды жеңүүгө, эзелтен бери биздин кең жана бай аймакты байырлаган элдердин жалпы кызыкчылыктарын жана биримдик сезимин өнүктүрүүгө жана колдоого мүмкүндүк берет деп ишенем”, — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн Борбор Азияда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары болуп: соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү, суу-энергетикалык чөйрө, транспорттук коридорлорду диверсификациялоо жана кеңейтүү, транзиттик потенциалды чыңдоо, ирригация жана мелиорация маселелерин чечүү, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, анын ичинде биринчи кезекте маданият, туризм, билим берүү чөйрөлөрүндө кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, региондо жалпы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча макулдашылган чараларды кабыл алуу саналат.

Мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, суу ресурстарын пайдалануу жана энергетика чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү маселелери барган сайын маанилүү болуп баратканына басым жасады.

“Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча, айрыкча биздин аймакта климаттын өзгөрүшүнүн терс таасири барган сайын күч алууда: аномалдуу суук, өзгөчө кырдаалдар, узакка созулган кургакчылык жана суунун аздыгы. Натыйжада, кышында Кыргызстанда жана коңшу Борбор Азия өлкөлөрүндө аномалдуу сууктан электр энергиясын керектөө кескин өстү, ал эми жайкысын кургакчылыктан жана суунун аздыгынан улам бардык жерде суу тартыштыгы жаралды. Менин оюмча, жыл сайын суу аз болуп, ага болгон муктаждык көбөйүп баратканы баарына айкын болуп калды”, — деди президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан татаал жаратылыш-климаттык шарттарга, суунун аздыгынан өлкөнүн суу чарба жана гидротехникалык объекттерине келтирилген зыянга карабастан, суу ресурстары боюнча өзүнүн мамлекеттер аралык милдеттенмелерин жоопкерчилик менен жана толук өлчөмдө аткарып келгенин жана аткарууну улантып жатканын баса белгилеп өттү.

Байкалган терс тенденциялар баарыбызды ойлонтот. Бул ушул жерде жашаган баарыбыз үчүн, ошондой эле кийинки муундарыбыз үчүн зарыл болгон жашоо шарты катары сууга болгон мамилени толугу менен өзгөртүү зарылдыгын көрсөтүп турат. Биз Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн, биринчи кезекте өлкөлөрдүн суу жана суу-энергетикалык секторлоруна мамлекеттик да, жеке да масштабдуу капиталдык салымдарды тартуу боюнча кардиналдуу, конкреттүү жана натыйжалуу чараларды көрүшүбүз керек.

“Ошондой эле, Борбор Азияда суу пайдалануу маселелери боюнча регионалдык уюмдардын ишмердүүлүгү бардык өлкөлөрдүн – жогорку жана төмөнкү аймактардын кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына жооп бериши керек экендигин баса белгилегим келет. Эгерде бул принцип алардын иш-аракеттеринде сакталбаса, анда алар бүгүнкү күндүн чындыгына шайкеш келиши үчүн тийиштүү түрдө реформаланышы керек. Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы 1998-жылдагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу жана энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө макулдашуунун алкагында кызматташтыкты жандантып, өркүндөтүү боюнча ишти баштоону сунуштайм, анда суу жана энергетикалык ресурстарды тең салмактуу алмашуу каралган. Биз суу-энергетикалык маселелердин бардык спектри боюнча конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз.

Бишкек шаарында Борбор Азия регионунда энергонатыйжалуу жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду түзүүнү сунуш кылам, бул биздин региондо жалпысынан суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө биз Кыргызстанда суу саясатына болгон мамилебизди колдонуучулуктан жаратылышты коргоо жагына өзгөртүп жатабыз, анын маңызы суу ресурстарынын калыптануу зонасын коргоону, гидротехникалык курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу жана дарыялардын жогору жагындагы экологиялык абал жөнүндө толук маалыматты калыптандыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бирдиктүү экологиялык системасын сактоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн экономикалык механизмди түзүү болуп саналат.

Эл аралык деңгээлде биздин өлкө тоону туруктуу өнүктүрүүгө, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын калыптандыруу зоналарын сактоого багытталган демилгелерди алдыга жылдырууда”, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы аксиоматикалык түшүнүк менен алганда — мөңгүлөрсүз суу болбойт, ал эми суусуз жашоо болбойт, деген талашсыз чындык экенин айтты.

“Бир өлкөдө суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн чечилбегендиги Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн суу менен камсыз кылуу маселесинде чагылышы мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек. Буга байланыштуу биз кызыкдар өлкөлөргө региондун суу ресурстарынын дээрлик жарымын түзүүчү өлкө катары Кыргызстандын суу секторуна инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартуу үчүн аракеттерди бириктирүүнү сунуштайбыз. Бул суу-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга гана эмес, ар кандай жаратылыш таасирлерине туруктуулукту жогорулатууга да мүмкүндүк берет, деп ишенем”, — деди президент.

Садыр Жапаров маданий-гуманитардык байланыштар дайыма Борбор Азия элдеринин кызматташтыгынын негизи болуп кала берерине да токтолду. Анткени биздин элдерди жалпы тарых, дин, маданият жана достук, ынак коңшулаштыктын баа жеткис чынжырлары байланыштырып турат, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамилелердин өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизип келген.

Эки улуу цивилизацияны – Батыш менен Чыгышты бириктирүүдө Борбор Азия элдери өзгөчө роль ойношкон, алар Борбор Азия аркылуу өткөн жана калган дүйнө менен байланыштырган, жол орбитасына катышкан бардык өлкөлөрдүн жана элдердин материалдык жана руханий маданиятын байыткан Улуу Жибек жолунун борбордук бөлүгү болгон.

“Заманбап шарттардагы жалпы аракеттерибиз өз жемишин берип, биз маданияттарыбызды мындан ары байытууга гана салым кошпостон, дүйнөлүк аренада алардын чыныгы өзгөчөлүгүн баса белгилей алабыз, деп ишенем. Бул жылы биз мекендешибиз залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз, анын чыгармачылыгын элдерибиз эң оболу баалап, урматтап келет. Борбор Азия өлкөлөрүндө бул юбилейлик датага карата салтанаттуу иш-чаралар өтө тургандыгына терең ыраазычылыгымды билдирем”, — деп мамлекет башчысы баса белгилей кетти.

Ошону менен бирге президенттин айтымында, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен тыгыз соода-экономикалык байланыштарга ээ.

“Тышкы соода көлөмүнүн өсүшү жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү байкалууда. Өз ара соодада жана үчүнчү өлкөлөр менен соодада Борбор Азия өлкөлөрүнүн экспортунун жана импортунун түзүмүн талдоо — ишке ашырылбаган чоң потенциалдын бар экендигин көрсөтөт.

Биздин биримдик товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рынокторунун жакшыраак иштешин жана ачык болушун, өз ара сооданы диверсификациялоону камсыз кылуу үчүн жолдорду жана каражаттарды табууга умтулушу керек, бул жалпы экономикалык кызыкчылыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет. Биздин аймак Түндүк менен Түштүктүн, Батыштын жана Чыгыштын ортосундагы байланыштыруучу звено болушу керек, ошол эле учурда транспорттук-коммуникациялык потенциалын жана деңиз портторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатышы керек”, – деп Садыр Жапаров буларга токтолду.

Президент тоскоолдуктарды четтетүү, чек арадан өтүү жол-жоболорун жакшыртуу жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы транзит үчүн саясий эрк гана керектигин белгиледи.

“Жакында эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки өткөрмө пунктунун ачылганын бир гана мисал катары айта алам, бул ички документтерди колдонгон эки өлкөнүн чек арадан өткөн жарандарынын агымын бир нече эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Борбор Азиянын чек аралары аркылуу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн агымын оптималдаштыруу бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүнү жана натыйжалуу транспорттук жана логистикалык тармактарды түзүүнү талап кылат, деп эсептейм. Транспорттук инфраструктураны, анын ичинде автомобиль, темир жолдорду жана аба каттамдарын өнүктүрүү жана модернизациялоо аймактагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылын жакшыртуу үчүн зарыл”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент «жашыл экономика» принциптерин илгерилетүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө өтүү Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү документтеринде улуттук артыкчылык катары каралаарын маалымдады.

“Атап айтканда, «жашыл экономика» принциптерин илгерилетүү балансталган экономикалык өсүштү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана ресурстарды үнөмдөөчү жана энергиялык натыйжалуу технологияларды активдүү пайдалануу призмасы аркылуу каралат.

«Жашыл экономиканы» өнүктүрүү жана туруктуу инвестицияларды тартуу максатында биз преференциялардын мамлекеттик системасын түзөбүз.

Жашыл өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири «жашыл каржылоону» киргизүү болуп саналат, буга байланыштуу Кыргыз Республикасында жашыл долбоорлорду каржылоо механизмин түзүү башталды, алардын бири «Жашыл финансылык корпорацияны» түзүү болуп саналат”, — деди мамлекет башчысы.

Регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип чара көрүү маселесине токтолуп, Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн Афганистандагы тынчтык жана туруктуулук регионалдык коопсуздук системасындагы артыкчылыктуу шарттардын бири болуп саналарын айтты. Бул өлкөдө жана анын айланасында болуп жаткан окуялар региондогу кырдаалга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Кыргыз Республикасы Афганистандын тынч жана туруктуу болушуна абдан кызыкдар жана бул өлкө менен ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы Афганистандын ички иштерине кийлигишпөө принцибине берилгендигин белгилөө менен афган элинин тарыхый тажрыйбасынын, маданиятынын, салттарынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн негизинде өз өлкөсүнүн келечегин аныктоого болгон укугун сыйлайт.

Кыргыз Республикасы афган күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп, эл аралык жана аймактык уюмдардын афган багытындагы долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууга, ошондой эле Афганистандагы кырдаалды тез арада жөнгө салууга багытталган диалог аянтчаларынын ишине активдүү катышууда.

2023-жылдын июнь жана август айларында Афганистанга дары-дармек жана медициналык жардам түрүндөгү гуманитардык жардамдын эки партиясы жеткирилген.

Мамлекет башчысы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунучтардын башка спектрин Сириядагы кырдаал түзүп, анда эл аралык террордук түзүмдөрдүн катарында Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандар да катышып, алар өздөрүнүн согуштук тажрыйбасын өркүндөтүп, мекендештерин аралыктан жалдоону улантып жатканын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз Республикасы Афганистан менен Сирияда тынчтыкка, бейпилдикке жана туруктуулукка жетишүүгө багытталган бардык эл аралык демилгелерди колдойт.

“Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен кыргыз тарап региондогу коопсуздукту камсыз кылуу жана терроризм, экстремизм, транс чек аралык кылмыштуулук, наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана кибер кылмыштуулук сыяктуу заманбап коркунучтарга каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтыктын формаларын жана багыттарын андан ары кеңейтүүнү маанилүү деп эсептейт. Жамааттык маалыматтык коопсуздук тутумун өнүктүрүү жана камсыз кылуу жана кибер коркунучтарга биргелешип каршы туруу, интернет мейкиндигин, социалдык тармактарды эл аралык террористтик, диний-экстремисттик жана башка душмандык уюмдардын пайдалануусуна жол бербөө боюнча күч-аракеттерди күчөтүү өтө маанилүү. Ушул контекстте Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештери жана компетенттүү органдарынын линиясы боюнча тыгыз кызматташуусу маанилүү деп эсептейбиз. Компетенттүү органдар Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагына эл аралык-террористтик уюмдардын мүчөлөрүнүн киришине жол бербөөгө өзгөчө көңүл буруу менен өз ара аракеттенүүнү улантуусу зарыл”, — деди Садыр Жапаров.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы дагы бир жолу Борбор Азия Мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.

“Бул бизге эки тараптуу жана көп тараптуу мүнөздөгү актуалдуу маселелер боюнча көз караштар жана позициялар менен бөлүшүүгө, жалпы жолдорду табууга жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөө үчүн аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет.

Чечилбеген маселелер жок, саясий эрк керек, деп эсептейм.Кыргыз Республикасы Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет.

Кызматташтыктын потенциалы зор экендигине, ал эми биздин өз ара аракеттешүүбүз региондо жана андан сырткары жерлерде туруктуулукту, коопсуздукту, тынчтыкты, өнүгүүнү жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуунун бекем негизи болуп саналаарына ишенем. Дүйнөлүк саясаттын учурдагы кризистик шарттары биздин өлкөлөргө региондун дүйнөлүк аренадагы жалпы кызыкчылыктарын коргоо жана алдыга жылдыруу үчүн мындан дагы тыгыз кызматташуу зарылдыгын талап кылууда”, — деп президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.