Ленин шайлоо округунда шайлоо аяктап,  алдын ала эле жеңүүчүлөрдүн  добушу маалым болуп калды.  АМУнун маалыматы боюнча, эң көп добушту экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков алды.  Болжолдуу түрдө ал  5273 добуш алды.

Анын артынан 3831 шайлоочу добуш берип, бул шайлоону тааныбай турганын билдирген Ленин районунун мурдагы акими Русланбек Тагаев келди. Алдыңкы үчтүктү 2630 добуш менен Алмаз уулу Аскар жабат.

Калгандары, 881 шайлоочу колдогон Эртай Искаковдон башкасы, жалпы шайлоочулардын нөлдөн үч пайызга чейинки добушун алышты.

Атамбаевдин жактоочусу жана журналист Лейла  Саралаеванын добушу 1,05% гана жеткен, бул 211 добуш. Бул  абал бирок таңгалыштуу деле эмес.  Атамбаевдин кесиптештери жана тарапташтары аны журналист катары билиши мүмкүн, бирок Ленин районунун жашоочулары ал тууралуу эч нерсе билишпейт. Башкача айтканда  Ленин районун тургундары үчүн ал эч ким эмес.

«Шакылдаган жеңени үй чечкенде  көрөбүз,  бакылдаган эчкини суу кечкенде көрөбүз» дегендей Саралаева бийликти канчалык сынга алып, өзүн элге көрсөтөм, упай топтойм дегени менен эл аны колдогон жок, жыйынтыгында акыркы орундардын бирин ээледи.  Ал журналист катары чындыкты гана жазам деп өзүн жогору баалап  алганы менен  алган добушуна караганда ,  ким экенин даана далилдеди»— деп жазган интернет колдонуучулардын бири Руслан Акылбеков.

Эгерде шайлоочулардын  колдобостугу  түшүнүктүү болсо анда  ал үчүн күйүп бышып жүргөн тарапташына  жардам бербей КР экс-президенти Алмазбек Атамбаевге  эмне болду? Эмне үчүн эң жалындуу колдоочуларыңыздын бирине жардам бергиңиз келген жок?

Шайлоо күрөөсү үчүн каражат издөөдө да, Саралаева ата-энесинен акчанын бир бөлүгүн алып, сүрөттөрүн сатууга аргасыз болгондо да экс-президент көңүл буруп убара болгон эмес. Аны жашоосунан таптакыр өчүрүп салгандай болду.

Атамбаев жараткан ага көп акча бергенин, досторуна дайыма жардам берерин бир эмес эки жолу айтканы эсимде. Анда эмне үчүн ал байлыгынын бир аз бөлүгүн  жалындуу тарапташына   бөлгүсү келген жок? Суроо кызыктуу, балким жакында бул сурообузга жооп алып, сырдын түйүнү чечилеер күн алыс  эместир.