Саясат

Садыр Жапаровду Борбор Азия президенттери узаткан видео

КР президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаровду Душанбеден Борбор Азия мамлекет башчыларынын V консультативдик жолугушуусунун катышуучулары узаткан видео таратты.

Жолугушуу Тажикстандын борбор калаасында өткөн. Жапаровдун сапары бейшемби күнү кечинде аяктап, Бишкекке кайтып келди. Өлкө башчысын президенттер: Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев, Сердар Бердымухамедов, Касым-Жомарт Токаев жана жолугушууга ардактуу конок катары чакырылган Азербайжандын жетекчиси Ильхам Алиев узаткан. Мамлекет жетекчилери Аралды сактоо эл аралык фондунун негиздөөчүлөрү катары Өлкө башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн чогулушкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button