Коом
Ак-Ордо конушундагы үйлөр шаардык канализацияга кошулат
Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Ак-Ордо көчөсүндө жеке турак жайларды шаардык канализация тармагына кошуу үчүн канализация курулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, канализацияны курууга 4 млн 520 миң сом сарптоо пландалууда.
Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg