Коом

Улан Ниязбеков Казакстанда КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

2023-жылдын 15-сентябрь күнү Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.


Жыйынга Азербайжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин делегациялары, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Терроризмге каршы борборунун жана Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар мамлекеттер аралык издөөнү ишке ашыруу, киберкылмыштуулукка жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, транспорттогу кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерин, ошондой эле 2019-2023-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралардын мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашып, биргелешкен ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жана атайын операциялардын жыйынтыктары чыгарылды.

Ички иштер министрлеринин кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков чогулгандар менен учурашып, кеңештин жана жеке өзүнүн атынан полициянын генерал-лейтенанты Ержан Саденовду Казакстан Республикасынын Ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди жана жаңы бийиктиктерге жетишүүнү каалады.

Андан соң Кыргызстандын ИИМ башчысы катышуучуларга Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү, биргелешкен долбоорлордун жана эл аралык программалардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.
“Төрагалык кылуу мезгилинде биз КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин стратегиялык өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча бардык зарыл уюштуруу иш-чараларын жүргүздүк. Мындан тышкары, Координациялык ишмердүүлүктүн ыкчамдыгы жана натыйжалуулугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги шериктеш өлкөлөрдүн министрликтери жана бюро менен тыгыз байланышта ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн толук маалымдуулукту камсыздаган так маалымат алмашуу жана кайра байланыш тутумун иштеп чыкты”, — деди Улан Ниязбеков.

Кыргызстандын Ички иштер министри кесиптештерин КМШга мүчө мамлекеттердин бардык ички иштер министрликтеринин күч –аракеттерин кылмыштуулук менен күрөшүү маселелеринин кеңири спектрине топтоону камсыздаган мамлекеттер аралык максаттуу программаларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишмердүүлүктү мындан ары өнүктүрүүгө чакырды.

Андан соң мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Улан Ниязбеков мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын казак тарапка өткөрүп берди.
“Кеңештин атынан Казакстан Республикасынын ИИМне мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин эгидасынын астында бул конференцияны мыкты уюштургандыгы жана өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле, мен Кеңешке төрагалык кылган мезгилде жемиштүү жана активдүү кызматташууңуз үчүн сиздерге, урматтуу кесиптештериме, бюрого жана министрликтерге чын дилимден ыраазычылык билдирем. Эми өз ыйгарым укуктарымды Казакстан Республикасынын Ички иштер министри, полициянын генерал-лейтенанты Ержан Саденовго өткөрүп берип, ички иштер министрлер кеңешинин төрагасы кызматына ийгиликтерди каалайм”, — деп жыйынтыктады Улан Ниязбеков.

Жыйындын жүрүшүндө акыркы жылдары чек аралар аралык уюшкан кылмыштуулуктун классикалык түрлөрү менен катар уюшкан кылмыштуулуктун (улуттар аралык) жаңы түрлөрү да пайда болгону белгиленди. Алар менен эл аралык деңгээлде күрөшүү координациялоону талап кылат. Кылмыштуулук татаал жана көп кырдуу коркунуч болуп саналат, ага өлкөлөр жалгыз реакция кыла албайт. Ошондуктан иш-аракеттердин ырааттуулугу жана эл аралык координация жамааттык коопсуздукту камсыздоо механизмдерин бекемдейт. Андан сырткары, жыйында КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрликтеринин ортосунда укукка каршы жосундарды жасоого жакындыгы бар адамдарга карата, анын ичинде КМШга кирген өлкөлөрдүн аймагында маалымат алмашуу боюнча иштерди улантуу сунушталды.
Баңгибизнеси менен күрөшүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Динамикалуу өнүгүп жаткан жогорку технологиялар баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн аянтча болуп калууда. Интернет тармагы баңги каражаттарды жана алардын аналогдорун жайылтууда жана пайдаланууда, кылмышкерлердин чек араларын кеңейтүүчү маалыматка эркин жана иш жүзүндө көзөмөлсүз жетүүдө таасир этүүнүн кубаттуу каражаты болуп саналат. Бирок, биргелешкен макулдашылган иш оң натыйжаларды берет.

2022-жылдын аягында Россиянын, Кыргызстандын ички иштер министрликтеринин жана Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы бөлүктөрү биргелешкен операцияны жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында 350 килограммдан ашык синтетикалык баңгизат (A-PVP) алынган. Бул тыгыз, макулдашылган иш-аракеттер ыкчам маалыматтарды өз убагында алмашуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү баңгитрафик менен күрөшүүнүн артыкчылыктуу формасы болуп кала тургандыгын тастыктайт. Күн тартибинде меселелерди талкуулоонун, отурумдун катышуучуларынын сөздөрүнүн жыйынтыгында тараптар бир катар келишимдерге жана чечимдерге кол коюшту.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button