Кылмыш-кырсык

 УКМК: «Манас» аэропорту аркылуу 52 кг алтын куймасын мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

Коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага жана көмүскө каражаттарды адалдоого багытталган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу алтын куймаларын системалуу түрдө контрабандалык жол менен алып өтүү фактылары боюнча маалымат алынган.

Алынган маалыматтарга ылайык, чет элдик жеке ишкерлер материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу, алтын куймаларын кайра сатуу максатында контрабандалык жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал уюштурушкан.

Тактап айтканда, УКМК тарабынан “Манас” бажысы менен биргеликте 999,9 үлгүдөгү алтын эритмесинин 51кг 866 грамм салмактагы алтын куймалары кармалды.  Жогорудагы фактынын негизинде чет мамлекеттин 1 жараны кармалды.

 

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button