КоомМаданият

Бишкекте эл артисти Гүлсүн Мамашеванын чыгармачылыгынын 60 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 16-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР эл артисти Гүлсүн Мамашеванын чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, маданият ишмерлери жана кеңири коомчулук катышты.

Өз куттуктоосунда министр Максутов Гүлсүн Мамашеванын чыгармачылыктагы чыйыр жолуна кайрылып, маданият жана искусство тармагына кошкон салымын белгилеп, жаштарга тарбия берүүдө мыкты насаатчы катары өз орду бар инсан экендигин белгиледи.

Чыгармачылык кече атайын даярдалган «Кыз-жигиттин сармердени» менен өтүп, ага Мамашеванын бир катар шакирттери катышты.

Гүлсүн Мамашева 1947-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ренжит айылында туулган.

1971-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүрүп, Кыргызстанда биринчи түзүлгөн Ч. Кожомжаров жетектеген эстрадалык ансамблдин алгачкы солисти болгон.

1971-1983-жылдары К.Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде солист, 1983–1987-жылдары К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалуу драма театрында артист болуп иштеген.

Анын аткаруусунда «Кыштак четинде», «Жибек чач», «Ырдап кой», «Жаштык вальсы», «Назгүлүм» ырлары Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына жазылган. Ал театр жана кинодо да каармандардын образын мыкты ойногон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button