Коом

Бишкекте коомдук транспортто кыргызча мультфильмдер көрсөтүлө баштайт

Бишкектин коомдук транспортунда кыргыз тилинде даярдалган мультфильмдер көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, коомдук транспорттордо «Козулар» жана «Сыйкырдуу калем» аттуу анимациялык фильмдер тартууланууда. «Баластан» телеканалынын продюсери Кундуз Аманованын айтымында, бул мультфильмдер телеканалдын буюртмасы менен Кыргызстанда тартылган. «Козулар» 14 серия, «Сыйкырдуу калем» 9 серия экени белгиленди.

Мэриянын маалымат кызматы бул саамалык тил жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында жасалганын айтып, аны Улуттук тил комиссиясы менен мэриянын алдындагы Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти ишке ашырып жатканын белгилеген.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button