Коом

5-даражадагы бөйрөк оорусу барларга 36 ооруканада гемодиализ акысыз жасалат

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бөйрөк оорусунун 5-даражасы менен жабыркап жүргөндөргө акысыз гемодиализ жасоо боюнча 36 саламаттык сактоо жайы менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы кабарлады.
Келишим түзгөн медициналык борборлордун 34ү менчик болсо, экөөсү — мамлекеттик оорукана.
«2024-жылкы гемодиализ үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2 миллиард 230 миллион 800 миң сом каралган», — деп айтылат маалыматта.
Келишим ар бир медициналык мекеме менен ар кандай мөөнөткө түзүлгөн. Анын ичинен 17 менчик, 1 мамлекеттик оорукана менен толук бир жылга түзүлсө, 11 менчик клиника менен үч ай, үч менчик, бир мамлекеттик оорукана менен эки айга жана үч менчик медициналык жай менен бир айга түзүлгөн.
2023-жылдын соңку айына карата бөйрөк оорусунун 5-стадиясы менен жабыркаган 2 604 бейтап каттоодо турган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button