Коом

Садыр Жапаровдун эл кызматындагы үч жылы: өлкөдө эмне өзгөрдү? Видео

Президент Садыр Жапаровдун кызматка киришкенине 3 жыл болду. Бул аралыкта өлкөнүн бюджети өсүп, 2023-жылы ички дүң продукция тарыхый чектен ашты.

Тагыраагы, ИДПнын көлөмү 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомго жетти. Курулуш тармагына да өзгөчө маани берилип, акыркы үч жылда 189 мектеп курулуп, 43 мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы 2 эсе көтөрүлдү.

Коргоо министрлигине биринчи жолу зениттик-ракеталык комплекс сатып алынып, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары 100% жаңыланды. Аскердик техникалар сатып алынып, кыргыз армиясы күчтөнүүдө. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктап, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери эки өлкөнүн дипломатиялык түшүнүүчүлүк нугуна түштү.

Садыр Жапаровдун эл кызматындагы үч жылы, жасаган иши, өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу шаар тургундарынан сурамжылоо кылып көрдүк.

Булак: Кабар.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button