КеңешКоом

Адистер эмчек рагын кантип эрте аныктоонун ыкмасын айтып берди

Сүт безинин рагы менен күрөшүүнүн жалгыз ыкмасы дартты өз учурунда аныктоо болуп саналат. Бул туурасында Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, эмчек рагы Кыргызстандагы аялдар арасында эң эле кеңири тараган онкологиялык илдет. Баштапкы этабында оору симптомсуз өтөт жана кеч билинет. Ошондуктан 40 жашка чейинки аялдар сүт бездерин УЗИден, андан жогорку курактагылар маммографиядан өтүүлөрү керек. Эрте аныктоодо сүт бездерин өз алдынча текшерүү маанилүү роль ойнойт, аны айына бир жолу жасоо зарыл.

Оорунун алгачкы белгилери:

көкүрөктөгү же колтуктагы түйүн же катуулануу;

теринин кызарышы, кургашы жана тартылышы («лимондун кабыгына» окшош);

үрптөн суюктуктун чыгышы, анын ичине көздөй кириши.

Мындай симптомдор пайда болгондо алгач жашаган жери боюнча фельдшердик-акушердик пунктуга же үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылуу керек. Медиктер сурамжылоо жүргүзөт, медициналык картаны толтурат жана зарылчылык болсо ооруканаларга тереңдетилген изилдөөгө жолдомо берет. Ал жактан сүт безинде өзгөрүүлөр аныкталган учурда Улуттук онкология жана гематология борборуна жөнөтүшөт. Бул борбордун дарыгерлери дартты аныктоо жана кошумча текшерүү ыкмаларын жүргүзүшөт. Сүт безине маммография, биопсия жана гистологиялык изилдөө жүргүзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button