КеңешКоом

Адис сууда сүзүү менен кайсы оорулардын алдын алса болорун айтты

Сууда сүзүү ден соолукка кандай таасир берип, организмде кандай өзгөрүүлөр болорун физиотерапевт Ольга Хмара «Доктор Питер» басылмасына берген маегинде айтып берген.

Анын маалыматында, сууда сүзүү — спорттун эң коопсуз түрү. Андыктан ал бардык курактагы адамдарга, тагыраагы, жаш балдардан тарта карыларга чейин ылайыктуу, бирок сүзүүнүн туура ыкмаларын билүү зарыл.

Сууда сүзүү организмге кандай таасир берет?

Адис биринчиден жүрөк-кан тамыр системасынын иши жакшырып, организмде кычкылтек көбөйөрүн айтат. Мындан тышкары, бардык булчуңдар (кол-бут, бел, ич) иштейт. Ошондой эле дем алуу системасынын булчуңдары бекемделип, өпкөнүн сыйымдуулугу чоңоет.

Мындан тышкары, сууда сүзүү стресстен арылууга да жардам берери кошумчаланган. Ал эми жумасына бир жолу бассейнге барып туруу уйкуну жакшыртары далилденген.

«Бассейнге такай барган адам моюн менен белдеги оорулардан арылат. Курсак менен белдин булчуңдары бекемделет», — деген дарыгер.

Дарыгер бассейнге денесинде ачык жарасы, тери жана жугуштуу оорусу бар адамдар бара албай турганын эскерткен.

Ошондой эле сууда сүзүү эркектерде простатитти алдын алууга жардам берип, ашыкча салмактан арылууга өбөлгө болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button