Кылмыш-кырсык

УКМК: “Жер мафиясынын” ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Видео

УКМК 2010-2021-жылдар аралыгында мамлекеттик жана муниципалдык жер участокторун жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү менен алектенген жергиликтүү бийлик органдарынын, соттун, кадастрдын, архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызмат адамдарынан түзүлгөн туруктуу кылмыштуу топтун коррупциялык ишине бөгөт койду.

“Жер мафиясынын” катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык бош жер участокторун аныктап, аларды жасалма укук белгилөөчү документтердин негизинде, соттун чечими менен легалдаштыруу жолу аркылуу жеке менчикке өткөрүп бергендиги аныкталды.

Тактап айтканда, мындай аракеттер аркылуу болжолдуу базар баасы 52 миллион сомдон ашык болгон 58 гектарга жакын айыл чарба багытындагы жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен. 2024-жылдын 28-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусу боюнча “жер мафиясынын” мүчөсү делген 13 адамдын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Кадастр органдарынын, Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчилеринин ичинен 5 жооптуу кызматкер кармалып, Каракол ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыштуу чөйрөнүн калган 8 мүчөсүнүн аракетине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

     

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button