Коом

Бишкекте жол кире 25 сомго көтөрүлөбү? Мэриянын жообу

Бишкекте коомдук транспортко жол кирени көтөрүү пландалган жок. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актаарын сураган. Ага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгөнчөков жооп берип, азыркы тарифте автобустар өзүн актабай турганын айткан.

Ал автобустар өзүн 8-10 жылда акташ үчүн тарифти 25 сомго көтөрүү керектигин билдирген.

Мэрия бул муниципалитеттин позициясы эмес экенин, автобустардын өзүн-өзү актоо мезгилин түшүндүрүү үчүн алдын ала божомол гана болгонун белгиледи.

«Мэрия коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүүнү пландаган жок», — деп жазылат билдирүүдө.

Азыр ордо калаада жол кире накталай 20 сом, накталай эмес (карта) 17 сом.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button