БУУ Башкы катчысы Антониу Гуттерреш Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмун каржылоону токтотуу тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын чечимин сынга алды.

Белгилей кетсек, шейшемби күнү Трамп ДССУну каржылоону токтото тургандыгы тууралуу билдирген. Өз чечимин ал ДССУнун коронавирус тууралуу маалыматтарды өз учурунда бербегендигине, ошондой эле чындыкты дүйнөлүк коомчулукка жеткире билбегендигине негиздеген.

Ал учурда Гуттерреш: «Азыр мейли ДССУ же болбосо вирус менен күрөш жүргүзүп жаткан кайсы бир уюмдун ишмердүүлүгү үчүн бөлүнүүчү ресурстарды кыскартуу мезгил талабына ылайык келбейт» — деп билдирди.

Ошондой эле БУУнун башкы катчысы эл аралык коомчулук пандемияны токтотуу жана анын «кыйраткыч кесепеттерин» жоюу үчүн биргелешип иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи.