Көзүмдү жумуп, — Назира, кандайсың? — дейм. Назира жакшы экенинен кабар берет. Тынчтык бар. Санаа, кайгыруу, кыжалат жок. Ойлонгум да келген жок. Күн орозого карабай, укмуштуудай тез өтүп жатат. Карантин узардыбы, кыскардыбы эмнегедир маанилүү эмес. Көнүп алдым окшойт. «Бир орунда отура албасаң керек?» дешет. Отурмак түгүл, чыккым келбейт. Санаа тартып, күн санаган да жокмун. Балким, үйрөнө албай жүргөн сабыр эми келгендир деп ойлоп коем.

«Карантин бүтсө, жашоону эмнеден баштайм?» деген суроо кылт эте түшөт анда — санда. Кайра кетенчиктеп келечекке чуркагандан баш тартам. Ал баракты дароо жабам. Далактап, шашып, кыжалат болуп, куюндай куюлуп, жан дүйнөм бушайман жүрчү.

Бир орунда, өзүм мн өзүм калгандан коркор элем. Элге сүңгүп кетчүмүн. Өзгөрдүм. Амбиция, көрүнгөн долбоорду чапчуу — ал учурда өзүмөн качуу, көкүрөктү өйүткөн нерседен жашынуу болгон окшобойбу? Көптөн бери эч кимден сүйүү тиленбей да калыптырмын. Көкүрөгүм чөл болуп, тамчы сүйүүгө, көңүлгө зар бп турар элем. Ал да жок. Жашоо тунуп турат.

Тынчтык менен жекеме жеке, көзмө көз. Кыжы-кужу болуп, мазамды келтирген ойлор да акыркы убак көрүнбөйт. Алар мн алышып атып, чарчап калаар элем.

«Сен жылмайганда мага дем келет»деген уулума кайра-кайра жылмаям. Уулумдун келечегин ойлоп кыжалат болгон ойлордун да карааны алыстады. Жараткан жана мен. Башка эч ким көрүнбөйт…

Макала Назира Айтбекованын фейсбуктаргы баракчасынан алынды.