Мен кичинекей кезимде атам авариядан каза болуп, апам мени жалгыз чоңойтту. Канчалаган кыйын күндөрдү өткөрдүк. Апам Россияга барып иштеп келди. Акыры шаардан дүкөн ачып иштетип баштадык. Товарларды ар бир компания өзү алып келип берет. Ишибиз жүрүшүп жаңы конуштардын биринен үй алдык. Жашообуз оңолуп, жай турмуш өз нугунда өтүп жатты. Дүкөнгө түрдүү компаниянын агенттери келип буюртма алып кетет. Бир күнү суу алып келчү компанияда иштеген байке жаңы келиптир, газдалган суу айтсак, газы жогунан алып келиптир. Ары бери айтышып акыры алмаштырдык. Ал байке такай келип биз менен тааныш болуп калды. Бир күнү муздаткыч иштебей калып, балмуздак бүт ээрип баратты. Бир кезде ошол байке келип калып оңдоп берди. Апам аябай кубанып, ал байкени чай ичүүгө чакырды. Ошентип ал байке менен жакындан таанышып баштадык. Аялы таарынып үйүнө кетип калыптыр, эки баласы бар экен. Апам жашсыңар бири бириңдин баркыңды билбей жатасыңар, биз кызым экөөбүз он беш жылдан бери атасыз эле жалгыз жашап келе жатабыз, колуңдан келсе элдешип ал деди. Байке баш ийкеп койду. Арадан убакыт өтө берди, ал байке бизге жардам берип жүрүп , көнүшүп калдык жакын болуп. Бир күнү кир жуугуч машина бузулуп, аны оңдоп берди, көрсө тыйын тыгылып калыптыр. Байкашымча апам да ал байкеге көнүп бараткандай. Экөөң үйлөнүп алгыла десем, апам жинди болбочу ал менден бир топ жаш кичүү деп койду. Күн жылып, эшиктин астында бак отургуздук, анда да байке жардам берди. Байкатпайын деген менен апам да күн сайын ага көнүп ал тургай жолун карап күтчү болду. Экөөсү бири- бирине  жакын болуп баратышат. Ал байкени балким аялы күтүп жаткан чыгар, эки баласы бар болсо. Чай ичип отурганда балдары тууралуу сурасам, сөздү алып качат. Эгер апама көнүп калып, колун сурап, экөө жашап калса кандай болот? Эл сөз кылса керек, жапжаш бирөөнүн башын айлантып тийип алды деп. Мага да залакасы тийбейби, апасын көрүп кызын ал деген бар.