Адам канчалык көп азапка кабылса ошончолук чыйралат тура. Азыр отуруп эстесем мага кудай канчалык шанс берип,чыйрак болууга үндөгөнүн эми билдим. Азыр мен сахнага чыгып,секирип бийлеп ырдасам элдин баары, канчалык бактылуу, бай , арманы жок деп элестетет. Бирок… бул күнгө жетүү үчүн кандай күндөр башымдан өткөнүн эч ким элестете албайт. Кудай ар бир адамды жаратып жатканга өзүнө жараша ырыскыны кошуп берет  экен. Мага үн берип ошол менен жан багасың деген экен. Атамдан эрте айрылдык. Апам сиңдим үчөөбүз калдык…

  17ге жаңы чыкканымда катуу оорудум. Москвадан операция жасоо керек  болду. Акча жок. Апам байкуш кудайга жалынып ыйлайт. Өзүм жашоо менен коштошуп койдум.  Мени караган врач спонсор таап, операцияга акча тапты. Ошентип операция ийгиликтүү өттү. Дароо эле бутка турбадым,даалай убакытка чейин кыйналып жүрдүм. Өзүмө келип, ырдап баштадым. Ыр жаза баштадым. Алгачкы ырым болуп көрбөгөндөй хит болду.Жаңыдан шоу бизнесске аралашып баштаганда апам рак оорусуна чалдыкты. Аны менен 12 жыл алыштык. Кээде апамдын дарысына акча таппай карайлаган күндөр болду. Эсимде бир ирет менен концертим учурунда ооруп калып, түнү менен химия алды. Мен уктабай жанында карап отурдум. Оюма эгер апам өлүп калсачы, эртең элге убада берген концертим эмне болот деп ойлодум. Апама ден-соолук тилеп ыйлап жаттым. Апам өзүн жакшы сезип калды. Бирок алгачкы концертиме катыша албады. Артист үчүн эң кыйыны сахна артында эмне болуп жатса да, эл алдына күлүп жайнап чыгуу керек. Анткени эл эс алганы келет. Сахнада ырдап жатсам да оюмдун баары апамда болду.  Апам көп узабай кайтыш болду. Сиңдим экөөбүз жалгыз калдык. Турмушка чыктым. Ал да актер мени түшүнөт дедим. Бирок экөөбүз эки башка жандар болуп, тил табыша албай ажыраштык. Мага оор тийди ажырашуу.  Ал кезде кудай бизге эгиз уул берген эле. Стресс, депрессия, ый менен жашап калдым. Неге кудайым мага ушундай оор күндү берет дедим. Бирок, мен ошол оор күндөрдөн чыйралдым. Өзүмдү колго алдым. Болгон күчүмдү чыгармачылыктан чыгардым. Турмушта аксаган менен, ишимди ийгилик коштоду. Улам жаңы ырлар жаралып, хитке айланып, Орто Азияда жаңырып баштады. Азыр баарына шүгүр кылам. Эң башкысы башты ылдый салып чөкпөө керек  экенин түшүндүм….