Ырчы, «Кыз-Бурак» тобунун көркөм жетекчиси Сайкал Садыбакасова чакан тойлор акырындык менен башталып жатканын өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

“Ар дайым көп сандагы адамдар менен тойлордо кездешип жүрүп, бүгүн аз сандагы, саналуу адамдардын жакшылыгында болдум. Көрсө саналуу коноктор менен деле той өтө кызыктуу өтөт турбайбы. Акырындык менен буюрса тойлор да башталып калыптыр. Бүгүнкү кыз узатуу той эң мыкты деңгээлде өттү”,-деп маалымдады ырчы.