Шоу-бизнес

Леонардо Ди Каприо Apple менен контракт түздү

Америкалык Apple корпорациясы жана «Оскар» сыйлыгынын лауреаты Леонардо Ди Каприонун Appian Way студиясы кызматташуу тууралуу көп жылдык келишимге кол коюшту. Deadline басылмасынын маалыматына ылайык алар телевизиондук жана документалдык фильмдерди жаратышат.

Буга чейин аталган компаниялар жалпы эки долбоордун үстүндө иш алып барып жатышкан. Анын бири режиссёр Мартин Скорсездин «Убийцы цветочной луны» көркөм тасмасы болсо андагы башкы ролду Ди Каприо өзү аткарган.

Белгилей кетсек, буга чейин Apple телеалыпбаруучу Опрой Уинфри, актёр Идрис Эльба, режиссёрлор Ридли Скотт жана Альфонсо Куарон ж.б. көптөгөн чеберлер менен келишим түзгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button