Xiaomi тунук панелдүү сыналгы чыгарды. Бул тууралуу GizChina басылмасы компаниянын билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты.


Mi TV Lux Transparent Edition 55 дюймдук тунук OLED панели менен жабдылган. Экранда сүрөттү көрсөткөндө, колдонуучу анын артында эмне турганын көрө алат. Сыналгы 120 герц ылдамдыгы, 10 бит түс тереңдиги жана DCI-P3 түс мейкиндигинин 93 пайызын камтыйт.

Ошондой эле, ТВнын жооп берүү убактысы бир миллисекунд экендиги айттылды. Чыгарылган түзмөк MediaTek 9650 чипинде иштейт, MEMC кыймылын компенсациялоо технологиясын жана Dolby Atmos технологиясын колдойт. Аппараттын калыңдыгы 5,7 мм.


Mi TV Lux Transparent Edition ачык-айкын панели менен массалык түрдө чыгарыла турган биринчи телевизор.  

Алгачкылардан болуп мындай сыналгыны Samsung 2016-жылы көрсөткөн, андан кийин LG ушуга окшогон телевизор чыгарган.

 Mi TV Lux Transparent Edition сыналгысынын баасы 49,999 юанды же болжол менен 525 миң рублди түзөт.