Көрүнүшүнөн бай болгон жаш аял сатуучу кемпирден жумуртканын баасын сурады.Кемпир: «Даанасы 10 сомдон», — деп жооп берди.»Мага 50 сомго алты жумуртка бере аласызбы?» деди кудум карызын доолагандай бийик үн менен. Дагы кошумча кылып: «Болбосо, кетип, башка жерден ала берем».

Картайган кемпир жумурткаларды бир карап, аялды бир карап: «Мейли, ала бериң, бүгүн эч нерсе сата элекмин. Ушинтип болсо да соодамды баштап алайын» деди.Аял кудум чоң жеңишке жетишкендей, жумурткасы менен сумкасын көтөрүп, унаасын токтотуп койгон жерге жөнөдү. Ал жаңы эле сатып алган автомобилине отуруп, курбулары менен жолугушууну белгилеген ресторанга келди. Адаттагыдай курбулар каалаганын жеп, каалаган ичимдиктерин ичип, жыргашат эле. Алардан жейилбей калып кеткени да болду (ар дайымкыдай). Алар турушканда, 4500 сомдук чек көрсөтүлгөн эсепти алып келишти. Жанагы аял бүтүн 5000 сомду берип, официантка: «Сдачиси керек эмес» дегендей колу менен ишарат кылды.

Бул окуя ресторандын ээсине арзыбаган пайда алып келсе да, жумуртка саткан кемпирге чоң зыян эле. Ал аял каарыган энеден 10 сомду кызганды. Жеп — жебеген, жеп түгөтө албаган тамагы үчүн кайтымын албай 500 сомду берип жиберди.Эмне үчүн ушул эне сыяктуу жакыр жашаган, муктаж мискиндердин алдында сараңдыгыбыз кармап калат.

Алардан бир нерсе сатып алмакчы болсок, өтө арзан бааны сураштан уялбайбыз? Кең пейилдигибизге муктаж болбогон адамдардын алдында, берешен, жоомарт адамга айланып жакшылык кылгыбыз келип калат? Садаканын дагы өз орду болот эмеспи! Акча чачканды жана мактанууну жакшы көрөбүз. Эмне үчүн тойлордо жана башка мааракелерде бай адамдар үчүн өзгөчө орун жана башкача кооз дасторкон көрсөтүлөт, карапайым адамдарга болсо, төмөн даражада кызмат көрсөтүлөт? Коомчулуктун туңгуюкка кептенгени ушул эмеспи!?Айта берсек далай сөз бар.

«Жердегилерге боорукер болуңуз.Асмандагы Зат силерге боорукерлик кылат.»Атам муктаж адамдардан сатып алганда, өз наркынан жогору баада сатып алчу. Мен анын себебин андан сураганымда, ал: «Чыныгы берешендик ушул» деп жооп берген эле…

Гүлпери Жанышбек кызы