Бактылуу болуу ар бир адамдын өз колундабы же тагдырдын буйругубу? Мен жеке башымдан өткөн окуядан соң бакытты жаратуу ар бир адамдын өз колунда экенин сездим. Үйдүн экинчисимин. Жогорку билим алып, жаңы жумушка орношкондо жанымда иштеген кызды жактырып калдым. Ага сөз айтып, экөөбүз  бир жылдай сүйлөшүп, кыз жигит  болуп жүрүп баш коштук. Коп өтпөй аялымдын боюна бүтүп кубанып жүрдүк.Жумушубуз шаарда болгон соң айылга эс алуу күндөрү гана барабыз.  Ошондо апам келиндин колунан чай ичпей калдык, калдаңдатып шаарда ээрчитип жүрбөй калтыр биздин жаныбызга деди. Апа менин тамагымды жасап киримди ким жууйт, анын үстүнө жеңем бар го силерге  дедим. Ар кайсыны күбүрөнүп жатып анан кайра шаарга узатат. 

 Ай күнү жетип келинчегим көз жарды. Төрөтү кыйын болуп, ар барып, бери келип араң төрөдү. Балканактай балалуу болдук. Бирок кыйналып төрөлгөнү үчүн көп жатты ооруканда.  Апам отурса турса сүйлөнүп туруп алды, кайдагы кызды аласың, бала төрөгөндү да билбейт деп. Кыскасы балам көзү көрбөй,  кулагы да жакшы укпайт экен.  Аны укканда апам чалкасынан кетти.  Аялым өзүн күнөөлүү сезип чөгүп кетти. Баягдай жаркылдап тоспойт. Кечке ыйлайт. Апам шаарга келген сайын анын жарасына туз сээп, чучукка жеткен сөздөдү айтып кетет. Бирок балам ырыскылуу. Жок жерден жардам келип, жолу да ачык. Апасы экөөбуздү үнүбүздөн тааныйт, күлкүсүн айтпа, келбети мага куюп койгондой. Көтөрүп алып ойнотом. Жумуштан келсем үнүмдү угуп мени издеп калат быйтыйган колдору менен.

Балам 3 кө чыгып калганда апам жанымды койбой кетир деп жатып аялымды балам менен кетирди. Үйгө келсем суук, кут жок, каткырып күлүп ойногон балам жок. Акыры аз – аздан ичип жатып көнүп кеттим. Апам күндө чалып кыздарды сунуштайт. Ии макул деп коем. Бир экөөсүнө бардым, жүрөгүм жылыбайт. Кош бол карындаш деп кетип калам. 

 Арадан бир жыл өттү. Кокусунан досум инстаграммдагы баракчасын көрсөтүп, бир жакшынакай кызды көрсөттү, жакшылап карасам аялым. Жүрөгүм оозума кептелди. Ушунчалык сагыныпмын. Досума, аялым жумушка киргенин, мага келбей турганын айтыптыр.  Ошол жерден жаңы үмүт келип, өзүмдү колго алып аркты тыштап, ишке катуу берилип, балама бардым. Бою өсүп чоңоюп калыптыр. Мени сезип, таанып ата деп кучагыма бой таштады. Аялымдан кечирим сурап, үйгө алып келдим. Бирок, апам менен катышпай калдым. Мага таарынды. Апа эмеспи бир күнү кечирээр. Баламда менин каным агат. Кудай ушинтип жаратты тыштап салсам эркектик болбой калат го….