Кино тармагында комедиялык жанрдагы тасмаларга режиссерлук кылган жана актер Сапар Сайназаров бойдокчулук менен кош айтышты. Бул тууралууу анын досу Максат Давранов билдирди.

Анын айтымында, Сапардын сүйүктүүсүнүн аты Диана. Бүгүн эки жаштын үйлөнүү-үлпөт тоюу досторунун курчоосунда белгиленип жатат.

“Салам Бишкек 2” тасмасында негизги каармандардардын образында чогуу ойногонбуз. Эсиңиздердеби? Андан кийин “ Кайнене”, “Супер келин”, “Бунт”, “Lov is…” ж.б тасмаларга режиссёрлук кылган досубуздун жакшылыгын тең бөлүшүп, бакыт тилеп жүрөбүз.
Сапар менен Диана бактылуу болгула, бешик тоюңарда да кызматта бололу»,-деди Давранов.