Теле алып баруучу Назира Айтбекова Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанып жаткан талапкерлерди сынга алып, өзүнүн постун жарыялаган. Көп өтпөй журналист Гүлжамал Жороева Айтбекованын пикирине каршы чыгып, төмөнкүдөй пикирин калтырды.

“ЖЫЛАҢАЧ ЭТИҢДИ ЖАППАСАҢ ДА, ТИЛИҢДИ БИР АЗ ТАРТ, НАЗИРА СУЛУУ!. .. СТАРИКИ- деп шылдыңдап жазган посту окуп, сага деген урматым сууду алтынкыз!. Алар баскан ЖОЛДУН жарымын, алар таткан ТУЗДУН жетиден бир бөлүгүн тата элексиң али. Тилиң узун, ширин болгон менен акылың кыска, көөдөнүң көңдөй кыз экенсиң. Кыргыздын нарк — нускалуу кыздары улууларга уу тилин чачмак түгүл, алдынан кыя өткөн эмес.

(Минтип айтууга дилим даабаса да) «Стариктердин» тырмагына тең келбей туруп, алардын тырмак алдынан кир издебе, САДАГА! Башкаларды айтпасак да Адахан Мадумаров, Исках Масалиев, Өмүрбек Субаналиевдер кыргыз тарыхында жазылып, Эл оозунда айтыла журчу инсандар . Өлкөң үчүн тиш чукугучтун учунчалык кызмат кыла элексиң сен . ФБ га жарым жылаңач сүрөтүңдү жүктөгөндөн башка не иш кылдың, айтчы??? Өзүңдү тим эле кыргызымдын КЫЗСАЙКАЛЫ сезип алгансыңго. ..

Марста эмес, кыргыз жеринде, кыргыз элинин ичинде басып жүргөнүңдү унутпа. Андыктан , кыргыз кыздарынын адебин сактай жүр, шекер Кыз! Эгер «старики» жакпаса добушуңду өзүң каалаган партияга бере бер!!! Ал сенин тандооң. Башкалардын тандоосун, максаттарын шылдыңдоо ал жеткен адепсиздик!!! Коомчулукка жарым жыланач этиңди (ал өзүңдүкү) жаппасаң да, улууларга «агыткан» тилиңди бир аз тый , Назира сулуу!!! Же сенин түбөлүк жашың отузбу? Жүрөгүңдү оорутар сөз айтсам үзүр! « Кызга кырк үйдөн тыюу» — деген элибиздин нарк -нускалуу сөзүн урматтарсың, кантсе да маданият өкүлү эмессиңби.»-деп жазат