Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 4-октябрда боло турган шайлоого “Республика” партиясы менен бирге болууну туура көргөнүн айтат:

“Бүгүнкү күндө “Баарына каршы” иштесек болот, бирок, андан натыйжа чыгаарына көзүм жетпейт. Ошондуктан партиядан-партияга секирбестен, түптөлгөндөн баштап колдоп келген “Республика” партиясы менен бирге болууну туура көрдүм”,- дейт ал өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, буга чейин ырчылардан Урмат Усенов, Бек Борбиев, КГ Элмурат Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн эле.