Жараткан пендесин каалагандай сынап, турмуштун тааталдыгын көргөзүп, өзүнүн өкүмүн жүргүзүп келет.  Азыр мен  жигитим тыштап кетти, кайыненем урушту, жолдошум таарынтты деген көйгөйлөрдү жөнөкөй кыз, аял катары жон терим менен сезгим келет. Антейин десем, турпатым, келбетим , жынысым кыз болгону менен жан дүйнөм эркек. Ичимде салабатуу, билеги күчкө толгон жигит жашайт.  Билем азыр мени сөгүп, кагып киресиңер, бирок, силерге менин жан дүйнөм талкаланып, тумчугуу, экиге бөлүнүү кандай экенин сезүү да элестетүү да кыйын.

Бул көйгөй менде жашымдан  эле жабышты.  Мен төрөлгөндө  кыз болуп төрөлгөм. Жаш кезимде, мектепте окуп жүргөндө, фалейбол, футбол жакшы ойночумун. Кол эмгек сабагынан эже сайма сайдырчу, мен колуман келбей эжейден тил угуп калчумун. 15-16 жашка толгондо  машинага кызыгып баштадым. Атам анда тирүү болчу, менден улуу байкем үйлөнүп, жеңем экөөбүз автошколго чогуу окудук. Азыр мен машинаны мыкты айдайм, жеңем анча эмес. Балдар менен таанышам бат тил табышам, машинанын тетиктери, футбол айтор эркектерге жакын тема козголуп кызыгып сүйлөшөбүз, бирок, кыз-жигит катары такыр мамиле кура албайм. Курбу кыздардан турмушка чыкпаган эки, үч эле кыз калдык. Алар  этек кири тууралуу, косметика, атыр тууралуу сүйлөшөт мага кызыгы жок. Бойнбойм деле. Төшүм деле чыгып чыкпай, бар жогу билинбейт.

Бир чети, кээде кыздар болуп отуруп калсак, калжаңдап мас эркектер тийишип калса, араак алып барып төпөштөп коем. Кыздар мени коргоочубуз деп жакшы көрүшөт, алар мени түшүнөт. Кээде чогуу кайгырып, чогуу ыйлайбыз. Жашым деле бир топко келип калды. Түнү менен ыйлап чыккан күн көп болот. Бая күнү апам үйгө жуучулар келип жатат дейт. Апама ачыгын айттым. Ичимде эркек жашайт дедим. Апам билем дейт. Дары ичип жатам, бул эми башка органдарымды билимсизден талкалап жатат да. Кээде эркекке эле айланып кетким келет, бирок, эл эмне дейт, 20 канча жыл кыз болуп, эми эркек болгону эмнеси дейт чыгар….