Белгилүү  ырчы Гүлнур Асанова дин жолуна түшүп, жоолук салынганы тууралуу  жазды. Ырчы айым  жоолук салынганына көп болгонун айтып, Инстаграм баракчасына жүктөдү.

“Саламатсыздарбы замандаштарым. Бул сүрөт өткөндө тартылган эле. Бишкек шаарынын Ленин районунун акими пандемия учурда шаардык тургундарга жардам көрсөткөн инсандарга ыраазычылык кат, диплом тапшырды. Рахмат!

Ал учурда мен интернетке жарыялагым келген эмес. Алгач, 30 дай киши арасында олтургам, эч ким тааныган эмес. Качан гана өнөр адамдарынан деп аты-жөнүмдү айтып чакырганда баары таң калып карашты. Деги эле жоолук салынганымды сиздер менин баракчаман көптөн кийин көрдүңүздөр.

Бир нерсе айтып кетээрим: Аллахка өзүмдүн бир сөзүм бар эле: «Эгер мен 5 убакыт намазымды тургузсам, анда сөзсүз жоолук салынам» -деген. Бирок, ушунчалык оор элестетчүмүн. Ишенесизби, мынчалык жеңил экенин билгенде мен эбак эле бул жолду тандамакмын. Көп нерселерди туура эмес кылып жүргөн экем. Жоолукту да оор, ысып, жүдөп кетсем керек дечүмүн. Жок, ишенип коюңуздар, баары башкача экен. Кудайга чексиз шүгүр кылам. Сыноолорго сынбай, татыктуу өтсөм экен деп ар дайым тилек кылам. Баарыңыздарды урматтайм, сыйлайм”.

https://www.instagram.com/p/CEmG2zIHb6X/