Балалыктын башка убакытта эмес дал балалыктын өзүндө бышып жетилүүсүн камсыз кылалы
Уулумду мектепке алып бара жатканда келген ойлор:

Кутман таңың менен, уулум. Сен 8 жашка чыккандан бери мен сени сейрек көрчү болдум. Кээ бир күндөрү мен сени эртең мененки тамактануу учурунда гана же кечинде кечки тамактануу учурунда 15 мүнөт гана көрөм. Мен сени кадимкидей сагынам, уулум. Мен сени, сенин маанисиз иштериңдин айынан көп көрбөй жатам деп ойлочумун, оюнга алаксыйт деп сени жемелечүмүн, көрсө менин иштерим көп экен. Мен ойлочумун, сен мага убакыт бөлбөй жатасың деп, көрсө мен сага убакыт бөлбөй жатыптырмын, уулум.

Өнүгүү — баардык нерседен дагы маанилүү экенин сенин билишиңди каалайм. Эмнени мыкты деңгээлде кыла алаарыңды билүүңдү жана кыла албаган нерселериңди аткара алуу үчүн күч жумшашыңды каалайм. Сен адамдарды түшүнүүнү үйрөнүшүң керек – алар ар түрдүү кырдаалда өздөрүн кандай алып жүрөт?

Кээ бир адамдардын кылык-жоругуна маани бербөөнү үйрөнүшүңдү каалайм. Көп учурда алсыз адамдар гана өзүнөн кичүүлөргө зыян келтиришет. Ошондуктан сен өзүңдөн кичүүлөргө мамиле кылып жатканда, өзүңдүн кичинекей кезиңди унутуп калба. Ооба, бул ар дайым эле оңойго турбайт, бирок сен бул чындык менен жарашышың керек. Мен сага, сени менен сыймыктанаарымды качан айтканым эсимде жок. Эстегенге убактым да жок, анткени жумушку шашып жатам. А бирок, мен сени качан урушканым эсимде – “эгер азыр эртерээк үйдөн чыкпасак, кечигип калабыз” деп сени шаштырып, урушкам. Уулум, чындыгында мен сени менен сыймыктанам.

Эмнеге аталар кеч түшүнүшөт: 8 жаштагы баланы 4 жаштагы баладай эле ар дайым кучактап, аны өтө жакшы көрөрөөрүн айтып туруу керектигин. Жашоо, сезимдерди жашырып жүрө берүү үчүн өтө эле кыска. Ошол эле учурда эмнеге 8 жаштагы балдар кеч түшүнүшөт: атаны деле 4 жашар бала сыяктуу ар дайым кучактап, жакшы көрөм деп айтып туруу керектигин. Жашоо, сезимдерди жашырып жүрө берүү үчүн өтө эле кыска.

Жолдун мынча кыска болгону өкүндүрөт. Мен сага дагы көп нерсе жөнүндө айтып бергим келген. Биз ар дайым сени менен бир ишти бирге аткарабыз деп пландап алып, ар дайымкыдай иштин айынан биз бирге боло албай калабыз. Мен сени менен кадимки сүйлөшүүлөрдөн башкача сүйлөшкүм келет, ата-бала сыяктуу сүйлөшкүм келет. А биз ар дайым: “Окууларың кандай, уулум”, “Тапшырмаңды аткардыңбы?” менен чектелип калабыз.

Мына сенин мектебиңе да жетип келдик. Мен бүгүн сенин сабакка барбай коюшуңду каалайт болчумун, бирок сен дароо эле унаадан түшүп кеттиң, досторуңду көрүп калсаң керек да. Кыскасы, мен сага “мен сени жакшы көрөм, уулум” деп айтайын дегем.

Булак: Инсан.кг