Чон эже-апалардан кеңеш сурайм. Акыл- насааттарыңызды, ой-толгооңуздарды жазып кетесиздерби сураныч. Мен 19 жашымда турмушка чыктым, өзүмдүн каалоом менен эмес, үйдөгүлөрдүн чечими менен. Быйыл мына 1 жыл болду. Жашоомо наалыбайм баары жакшы. Нике ысык дегендей, жолдошума да ушул аралыкта көнүп калдым. Жолдошум да менин эле көзүмдү карап сүйүп турат. Биз деле кичине чарт-чурт болуп кетебиз, бирок бир катуу жини келгенде же ал калбай, же мен калбай үн көтөрүп жиберебиз.

Ошондо намысына катуу тийип аламбы билбейм, өзүм сезбей калам, муунтуп, ургулап, чапкылап, салат. Колдорунда катуу. Кийин ыйлап өтө кыйналганымды көрүп кечирим сурабайт бирок, «болдучу кел урушпай жашайлычы, болду ыйлаба» деп кучактап сооротот. Мен да макул деп кечирип, Кайра эле эркелетип мурункудай жашап кетебиз.

1 жыл ичинде 5 жолу ушул акыбал кайталанды. Кечээ күнү да 1 жылдык (годовщина) болду ошол күнү да эч нерсе кылбадык анысына да мейли, сөз талашып жатып, мени кан жалата сабап салды. Кичине эле эмес ото көп кан кетти. Күнөө менден макул мен тилимди тыйа албаганымдан болсун.

Бирок жолдошумда мага теңелбей чыгып кетсе болот да деп бир ичимден сыгылам. урган эркек дайым урат деген чынбы? Урганга жеткирбеш үчүн аял кандай амал кылыш керек? Кандай кылсак болот? Жиниң келип жатканда бирок жолдошуңдун ачуусуна урганга чейин жеткирбеш учун кандай кылышыбыз керек. ортодо бала жок. Же ага чейин ажырашкан оңбу? Же бала болгондо эркектер оңолобу?

Деги эле Аял кандай болуш керек? Китептен, гуглдан, жеңе, эже апаңдан сура дегендер. Окугам, билем, жеңе, эже, апама жолдошумду урат деп жаман көрсөтүп алгым келбейт, ушундай абалда да эмне кылам деп сурай албайм. Өзүм зордоп бергенге жолдошума араң көрдүм. Анан да 9 ай дегенде, боюмда болуп калды. Уй бүлөөсү менен 14 жылдан бери Москвада турушат, мен апамдардан алыс, болуп өзүмдү жалгыз сезем. Ошого мээримдүү эжелерден кеңеш сурайм.