Ырчы Анжелика Кайратова күйөөсү тууралуу кайрадан ачуусу келген постун чыгарды. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына бөлүшкөн.

«Чириген адам башканы дагы чиритет. Мурунку күйөөм жакындарым билгендей мите курт. Бул менен сүйлөшкөндөн бери оорум күчөп кетти. Бул 10 күндөн бери дайынсыз. Унчукпай адамды кайра жайлап баштады. Башка өлкөгө көчүп кетүүгө туура келет окшойт»,- дейт ал.

Ошондой эле 10 жылдан бери башка мырзалар колун сураса да үй-бүлөсүн сактайм деп аракет кылып келгенин, бирок жолдошу өзгөрбөгөнүн кошумчалады.