Белгилүү эстрада ырчысы Анжелика Кайротова бүгүн ден-соолугуна байланыштуу Түркияга учуп жатат. Бул тууралу ырчы өзү инстаграм баракчасында түз эфирге чыгуу менен маалымдады.

Анын айтымында, учурда Манас эл аралык аэропортунда учууга камданып жатышат. Түркиянын бир топ шаарларына барып, ал жакта күчтүү дарыгерлерге каранат. Анжелика  акыркы мезгилде тамагы жана ички органдары жабыркап жатканын айтты.  Ошондой эле ал жактан жаңы долбоорлордун үстүндө иштей турганын билдирди.