Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго фейсбуктан эркин эки ооз сөз

Атыңызды көп эле угуп жүргөм. Сиз десем кошоматтанды деп жыга чаппагыла. Сыйлап сүйлөшкөндү да үйрөнгөн жакшы

Нуржигит мырза, маданият, адабият эмнеге суусап турат аны менден жакшы билээрсиз. А бирок мен бүгүн адамзат, кыргыз эмнеге суусап турат ушуну айткым келди. Акыркы күндөрдөгү өлкөбүздөгү окуялар ар бирибизди катуу ойго салган чыгар. Мени да катуу ойго салды.

Коомчулук арасынан: «Улут катары калыптана элек экенбиз» – деп, бирөө айтты ошондо. Башыма жыга чапкандай болду. Чын эле ошондойбузбу?! Көрсө улут катары калыптана элек эмес, калыптанган касиеттен ажырап баратыппыз. Эмнеге?! Кыргыздын пейили таза эмес беле? Тазасы таза. А бирок жалаң эмоциядан туруп калыппыз. Психикалык жактан жабыркаган адамдарга окшоп калыппыз. Руханий оор салмактуу дөөлөтүбүз жоголуп баратыптыр.

Буга ким күнөөлүү, албетте биз күнөөлүү, маданиятка, адабиятка бир аз тиешеси бар адамдар күнөөлүү. Ооба күнөөнү жаап коюш оңой. А бирок чыныгы күнөөлүү ким? Бир жолу мындан 15 жылдай илгери Адахан Мадумаров Жазуучулардын сьездинде жазуучуларды «оор мезгилдерди адабиятка түшүрө албай жатасыздар» деген сыяктуу сөзүн айтты.

Ырас, ичимден колума бир аз калем алып жүргөн адам катары чымм этип чычаладым. А бирок адабияттын абалына көңүл бурган бирөө барбы?! -дедим, ичимден дагы бир тызз этип. Жазуучуларга илгери союз мезгилинде кандай шарт түзүлгөн да, азыр кандай? Ар ким билгенин жазып, ар ким өз билгендей китеп чыгарып жүрүшөт. Анан кайсы элге жеткирер, агартуучулук вазийпабызды айтабыз. Биздин дебей эле коёюн, Айтматовдун улуулугу эмнеде эле? Анын улуулугу салмактуу ойлорунда, дүйнөгө болгон парасаттуу көз карашында, табиятка болгон аяр мамилесинде, адамзаттын аң-сезимин таразалаган, ага чыгармалары аркылуу ой салган күчтүү акылмандыгында.

Башканы кой, биз ушул Айтматовду элге жеткирүүдө, адамзаттык, ааламдык баалуулуктарды элге жеткирүүдө, балдарга жеткирүүдө аябай аксап келген экенбиз. Калп эле Манас деп ураан салганыбыз менен «Манасты» да окуп же угуп жарыткан киши саналуу…

Динди сындап жатып калабыз, кала берсе динден да алган сабагыбыз аз экен.Диндеги сабырдуулукту кыргыз боюна али сиңире албаптыр. Улуттук лидер жок дейбиз. Улуттук лидер бизге керек болсо дал Айтматовдун өзү. Айтматовдон башка да тизмеси узун дөө-шаа акын-жазуучуларыбыз бар. Тирүүсү да, өтүп кеткени да кор болуп жүрөт.

Аларга баа берип баалоо эмес, алардагы баалуулукту алып пайдалана албай коом жүрөт маң болуп. Алыска кетпейли кошуна өзбек, тажик, казак эли кимден тарбия алып жатат? Жазуучуларынын жазганынан, куудулунан, аскиячисинен, ырчысынан жана башка таланттарынын өнөрканасынан алып жатат тарбия башатын. Таланттарды мамлекет кызыкчылыгына иштете билген өлкө жетекчилерине, министрлерине балли.

Бизчи??? Таланттын баары өзүн бакмай менен убара. Өзүн-өзү тейлеген өнөрпоздо мамлекет кызыкчылыгы эске келеби ? Келсе да бирдиктүү эмес, ынтымагы жок чаржайыт, ар ким өзүн жылдыз сезгендик менен келет.Айтор, айтайын дегеним, маданиятта – адабият, кино, театр, ырчылык жана башкаларды бирдиктүү мамлекет кызыкчылыгына, идеологияга иштетүүнү ойлонуңуздар.

Буга чейинки кенч-казынабыз, азыркы таланттардын дарамети да иргеп алса буга кенен жетиштүү. Болбосо жалпы улуттун мүнөз калыбындагы кандайдыр бир кризиске кабылып баратканыбызды моюнга алууга аргасыз болобуз. Ырааты менен жазсам болмок, а бирок колума бир кичинекей телефон клавишаларын терип олтуруу кыйынга турат экен. Оюма келгенин жаздым. Дагы да оюма келгенин жазып турам…

Урматым менен эч кандай наамы да, атак-даңкы да жок жөн эле Айнагүл Базарбаева