Жайкы сезондо (үч айдын ичинде) Ысык-Көл облусуна Кыргызстандын аймактарынан 109 миң турист келген. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, 2019-жылы Ысык-Көл облусуна 1 миллион 200 миң турист келген, анын 212 миңи чет элдик туристтер болгон.
“Алар өткөн жылдын июнь айынан август айына чейин курорттордон, эс алуу үйлөрүнөн, кафелерден 68 миллион 700 миң салык чогултушкан болсо, 2020-жылдын ушул мезгилине карата 30 миллион 800 миң чогулган. Бул 55 пайызга аз ”, — деп билдиришти мекемеден