— Эт фабрикасында иштеген айым кечинде жумушун бүткөн соң, муздаткычтарды текшергени барып, эшиги кокусунан жабылып кетип, ал жерде камалып калат. Ыйлайт, жардам сурап кыйкырат, муздаткычтын эшигин тепкилейт бирок, тилекке каршы баары жумуштан кетип калгандыктан, эч ким укпайт. Арадан беш саат өткөн соң, күзөтчү келип куткарат. Бактыга жараша айымдын ден соолугуна олуттуу зыян тие элек болчу.
Өлөт деген ушул экен деп, үмүтүн үзүп койгон айым, бир чети куткарылганына кубанып, бир чети таңыркап, күзөтчүдөн сурайт.
«Сиздин бул жакка келишиңизге эмне түрткү болду? Сиздин милдетиңиз бул жакты кароого кирбейт эле го?» — дейт.
Күзөтчү ага жооп берет. Мен бул фабрикада отуз беш жылдан бери күзөтчү болуп иштейм. Күн сайын миңдеген жумушчулар келет, кетет бирок, бир гана сиз эртең менен саламдашып, кечинде коштошосуз.
Көпчүлүк мени байкабагандай мамиле жасап, көңүл бурушпайт. Ал эми бүгүн адатыңызча эртең менен саламдаштыңыз бирок, кечинде күнүгө айтып жүргөн: «Кошуңуз көрүшкөнчө!» — деген сөзүңүздү укпадым.
Мындан улам сизге бир нерсе болдубу деп кабатырланып, фабриканын ичин бир сыйра текшерип көрүүнү чечтим. Сиздин мага кичинекей көңүл бөлүүңүздөн улам, мен өзүмдү адам катары эсептеген чоң сезимге ээ болчумун! — дейт …
Интернет булактарынан алынды.