Кайын сиңдим тыкылдаган сонун кыз. Ар дайым колу бош эмес. Баарына кантип жетишет билбейм. Мен анын ордунда болсом эбак эсим ооп куламак. Мектептин активисти, үч жерде волонтер, эки чет тилин үйрөнүп жатат. Баса, жигиттер менен жолугушканга дагы убакыт табат.
Экөөбүз ачык сүйлөшөбүз. Апасына айта албаган сырларын мени менен бөлүшөт. Кээде жигити менен жолукканы баратып көз кысып коет. Мен баш ийкеп, акырын байкесин алаксытып турам. «Жеңемди ала келгиле!» Олимпиададан утабы, конкурстарга катышабы, айтор, сөзсүз мени чакырып, ата-энеси менен эң алдыңкы орунга отургузат. «Бул көйнөктү жеңем тигип берген», — деп, ыраазычылык айтып жатып мени дагы эстей кетет. Кудуңдап сүйүнүп калам. Түндөсү көз жардым. Айылдан биринчи жетип келди. «Жеңе куттуктайм!», — деп, ыйлап алыптыр. Аны көрүп мен ыйладым. Анан кайын энем чалып, «Жыпар жок, жаныңдабы», — деди. Байкесин укпай, жанымда жатып калды. Өз апам каралашканы келген, «ушундай кайын сиңдиң турганда, керегим жок экен», — деп кетип калды.
Балам ыйлаак. Колдон түшпөйт. Эч нерсеге жетишпейм. Күйөөм кечке чейин жумушта. Кечинде келип жатып калат. Дем алыш күндөрү уктайт. Баланы берсем, бир мүнөткө жетпей көтөрүп келет. Кайын сиңдим келип калды. Балам чаңырып ыйлап жаткан. Үйдүн абалы бомба түшкөндөй эле. Байкеси телефон чукулап отурган. «Жеңе, тур уктап алыңыз, мен өзүм бүтүрөм», — деп мени уктоочу бөлмөгө киргизип койду. Түнү менен уктабай чыккан жаным, башым жаздыкка тиери менин көзүм илинди.
Канча саат уктаганымды билбейм, ойгонсом кайын сиңдим менен күйөөм божурашып жатыптыр.
— Эмнеге жеңеме жардам бербейсиз?
— Жумуштан чарчап келдим.
— Жеңем сизден он эсе чарчайт.
— Анан эмне кыл дейсиң, иштебей үйдө отуруп алайын.
— Иштеңиз, бирок бала сиздики экенин дагы унутпаңыз.
— Муну менен эмне дегиң келип турат?
— Ушул күндөн баштап, күн сайын кудайдан байкеме окшош күйөө бер тиленем.
Жеңеме кандай мамиле кылсаңыз, болочок күйөө балаңыз мага ошондой мамиле кылат. Бир нерсе болсо, сиз күнөөлүү болосуз, — деди.
Күйөөм жүз градуска өзгөрдү. Жумуштан келери менен баланы алат.
«Тамак жасабай эле кой, бир нерсе алып баратам», — деп чалып коет.
Дем алыш күндөру салондорго жөнөтүп, баланы өзү алып калат. Түндөсү бала ыйласа мен турчум эле, эми ал турат. Ачылып баштаганымды көрүп, сүйүнгөнүнөн өпкүлөп жиберет.
Кыскасы, кайын сиңдимдин бир сөзү баарын өзгөрттү. Жыпар, жеңең сени аябай жакшы көрөт. Рахмат сага жөжөм.
Интернет булактарынан алынды.