Саясат

Элвира Сурабалдиева Кыргызстандагы педофилдердин картасын түзүүнү сунуштады

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Кыргызстандагы педофилдердин картасын түзүүнү сунуштады.

Бул сунушун ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, кошуна Казакстанда бул база ишке киргенин, ал жерде жашы жетелектерди зордуктагандардын тизмеси сүрөттөрү менен чыгарылганын белгилеген.

Анын айтымында, педофилдердин картасы Кыргызстанга да керек.

«Ар бир ата-эненин, жалпы эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13-жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенине карабай, айылдаштары тескерисинче, ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга бардыгыбыз күбө болдук. Кыргызстандагы педофилдердин картасын түзүп, ачыкка чыгарганына сиздердин ой-пикириңиз кандай? Же «байкуштардын» жакындары бар уят деп, аларга да боору ооругандар барбы?», — деп жазды министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button