Арасында жүргөнүмдү түшүндүм,
Чылгый эле чыла жыттуу түтүндүн.
ТЭЦимди да, эсимди да ыш басып,
Чылым чеккен Бишкек алат үшүмдү.
Айланамда баары тегиз түтөгөн,
Саясат да быкшып жатат жүдөгөн.
Түтөйт жолдо буруксуган автолор,
Мору чубайт капкара ыш күчөгөн.
Кишилер көп түтөп — түтөп сүйлөгөн,
Түтүн чыгат мончолордон үйлөрдөн.
Көп түтүндүн арасында башым маң,
Түшүм сыңар, акыл айран күймөнөм.
Мешти чукуп, отун жагам күйбөгөн,
Күбүрөнүп, күйпөлөктөп, сүйлөнөм.
Чыккынчыдай көрүнөмүн өзүмө,
Мекениме көк түтүнүн үйлөгөн.
***
Саргыч тартат балык сымал ышталган,
Кермедеги чайып, жайган кирлерим.
Күндөр мынча мунарыктайт кыштагы,
Тыз-тыз этет Мекен деген бир сезим!
Таза аба жок кере-кере жутууга,
Коркпогондор убал менен кусурдан.
Тоң моюндар тоспогула тоолорду,
Ажыдаардай түтүн үйлөп жутунган.
Тоо жактарга салбагыла кабат үй,
Таза абасыз түккө арзыбай калат үй.
Шамал калган багытынан адашып,
Томсоруңку турат эми калаа, Чүй!
Айнагүл Базарбаева, 08.01.2021.