“Дарак бир жерден көгөрөт” деген сөз “Кыргыз радиосунун” музыкалык редактору, ди-джей, тамада Эльмара Турсуналиеванын эмгек жолуна куп жарашат. Ал 17 жашынан бери радио дүйнөсүндѳ үзүрлүү эмгектенип келет. Ишине катар жеке жашоосун да бир нукка салган арген үндүү айым бизде конокто.

– Эльмара айым, өмүр бою бир тармакта иштеп келесиз, жумушуңуз эмнеси менен кызыктуу?

– Жумушумдун кызык жагы, башкалар өздөрү менен өздөрү болуп жай турмушта жашап жатканда мен студияда көп адамдар менен пикир алмашып, улам кызыктуу инсандар менен таанышып жаткан болом. Ар бир күнүм ѳзүнчѳ сонун. Иш күнүм планды кароо менен башталат. “Кимди эфирге чакыруум керек, кимдер менен сүйлөшүүм, жолугуум керек?” деген кызыктуу маселелер менен иштейм. Сен барбаган жакка барган, сен көрбөгөн турмушту көргѳн адам көзүңдү ачат десем болот. Аларга аралашсаң башка бир дүйнөгө киргендей болосуң. Эфирге чакырылган адамдардын деңгээлине теңелейин деп дайыма түздөнѳсүң, изденесиң. Бизде майрамдар да жумушта ары кызыктуу, көңүлдүү ѳтѳт. Эл майрамдап, эс алып жатканда мен иштеп жүргөн болом.

– Канча жылдан бери үнүңүз сиздин фишкаңыз эмеспи. Ошентсе да убакыттын өтүшү менен үн деле картайса керек?

– Ооба, үнүм – менин куралым. Көп жагдайда жүзүмдү тааныбаса да үнүмдү таанып калып кайра кылчайып карагандар болот. 17 жашымда үнүм кичинекей кыздыкындай болсо, жыл өткөн сайын үнүм толуп, калыптанып келди. Ѳкүнүчтүүсү, убакыт өткөн сайын үн да өзгөрөт экен. Мурда таң эрте туруп эле эфирге чыгып сүйлөп кетчүмүн. Азыр үнүм саат 10-11ге чейин өз калыбына келбейт. Майрамдык эфирлерди саат тогузда ачышым керек болсо, эртең менен алтыда туруп кам көрө баштайм. Ысык чай ичип, атайын үндү ачуучу көнүгүүлөрдү жасайм. Зайтун майын ачкарын ичсе, майлуу эмес шорпону ысык ичсе да үн жакшы ачылат. Өзүн-өзү аябаган киши муздак иче берет. Мен муздак ичпейм жана муздак абада да көп жүрбөйм. Мындан тышкары кыйкырбай сүйлөгөнгө аракет кылам.

– Аялзаты жумушуна катар үй-жайга да кам көрүүсү керек эмеспи, кантип жетишесиз?

– Эртең мененки тогуздан кечки алтыга чейин режимдик жумушум бар. Андан кийин кызымды бала бакчадан алам дагы, кошумча жумушума барам. Ал той же маданий иш чара, концерт болуусу мүмкүн. Мага жүктөлгөн кожойкелик милдетти толук аткарганга аракет кылам. Кээде ага болбой убактымдын тардыгынан баарын дыкат кыла албай калам. Үйдө жолдошум, кызым үчөөбүз эле жашайбыз. Эс алуу күндөрү баарын жышып жыйнап чыгам. Ушинтип жакшы бир жыйнап койсом бир жумага жетет. Тамакты болсо 2-3 күнгө жеткидей жасап коём, кеч келгенде жылытып жейбиз. Кээде убакыт тар болгондо сырттан бир нерсе сатып келип тамактанабыз. Ушундай кырдаалдарга түшүнүү менен мамиле жасаган жолдошум менен кызыма ыраазы болом. Эс алуу күнү жолдошумдун жакшы көргөн тамактарын жасап бергенге аракет кылам. Ал экинчи тамактарды жакшы көрөт. Андыктан очокко от жагып, атайын казанга тамак жасайм.

– Мен жубайлардын сиздердикиндей жаш айырма менен баш кошуусу Европа өлкөлөрүндө эле болсо керек деп ойлочумун. Сиз сүйүү жашка карабасын далилдедиңиз окшойт?

– Жолдошум менден жаш болсо да жашоого болгон көз карашы калыптанган, турмушка бышкан, акылы жетилген жигит. Аны ушундай кѳптү кѳргѳн адамдай ой жүгүрткөнү, зыяндуу адаттардан алыс болгону үчүн жактыргам. Турмуш курганга чейин төрт жыл жанымда болуп, кам көрүп жүрдү. “Алам” дегенде “тамашаңды кой, эл укса эмне дейт?” дегем. Бирок жолдошум бир сүйлөгөн адам, акыры баш кошуп чырактай кыздуу болдук.

– Жолдошуңуз тиричиликке кандай?

– Баш кошкон алгачкы 3-4 жылда бири-бирибиздин күнүмдүк тиричиликтеги адаттарыбызга көнүштүк. Биринчи беш жылдыктан кийин үй-бүлөлүк мамиле бир тепкичке көтөрүлөт, жубайлардын бири-бирине болгон сый-урматы, ишеними артат. Бизде ушундай болду. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизге ылайык табышканбыз. Эрнст үй тиричилигине тыкан, жумуш жасагысы эле келип турат. Бирок өзүнүн иштери көп болгондуктан чолосу тийбей калат. Айрым учурда колу билген досторунун жардамын пайдаланат.

– Сиздикиндей мүнөз менен кайын журтту колго алуу кыйынчылык деле жаратпаса керек?

– Үйдө кадимки эле келинмин, келиндик кызматымды кылам. Башка жактан беш сүйлөсөм, үйдөн үч эле сүйлөйм дегендей. Кайната-кайненем абдан жакшы адамдар. Кызым Арууке уулдан биринчи небере. Ысымын чоң ата, чоң энеси коюшкан. Кайненем көп жыл бала бакчада тарбиячы болуп жүргөн билимдүү, адамгерчилиги бийик, мээримдүү аял. Кайнатам орган кызматкери болгон, абдан түшүнүктүү адам.

– Улуу балаңыз канчага чыкты?

– Ислам 17 жашка чыкты, 11-класста билим алып жатат. Музыкага болгон жөндөмү күч. Репетитордун жардамы жок эле интернеттен гитара черткенди үйрөнүп алганына кубандым. Жакында эле Голландиядан келген режиссёрлор менен иштешти. Алар өспүрүмдөр тууралуу тарткан тасмада башкы ролду жаратты. Даректүү тасмада роль жаратканы анын бир ийгилиги деп эсептейм.

– Уулуңуз менен жолдошуңуз бат эле тил табышып кетиштиби? Адатта бул жаатта маселе жаралчу эле?

– Экөөнүн ортосунда менин жүрөгүмдү ооруткудай деле маселе жаралган жок. Буга уулумдун өзүнчө жашаганы себеп болду окшойт. Балам таенесинин оң колу, канаты десем болот. Көп жылдан бери шаарда апам экөө чогуу турушат. Андыктан экөө күндө бир үйдѳн он жолу жолугуп атпагандан кийин эч кандай маселе жаралган жок. Үй-бүлөлүк салтанаттарда, жакшылыктарга чогулганда экөөнүн мамилеси сый. Жолдошум оор басырыктуу, акылдуу жигит. Уулум да токтоо.

– Дагы балалуу болууну ойлоносузбу?

– Үй-бүлөдө бала канчалык көп болсо, береке да ошончолук толуп турат эмеспи. Үчүнчү ирет эне болсом жакшы болмок. Кудай берсе кубануу менен кабыл алам. Бербесе таарынбайм. Уулум менен кызымдын ыйманын, ден соолугун тилейм. Төрөгөндөн деле чочулабайм. Себеби кызым боюмда бар кезде уйкум келгени эле болбосо тогуз ай бою жеңил жүргөм. Тѳрөтүм деле өтө оор болгон эмес. Апам  кош бойлуу кезимде “камыр жууруп жай, ошондо бала жеңил төрөлөт” деп кулагыма куя берчү. Үйдөн дайыма каттама, оромо жасачумун. Ушинтип кѳп кыймылда болгонумдун жардамы тийди окшойт.

Маектешкен Анара Дүйшөналиева

Булак: https://lady.kg/elmara-tursunalieva-jumushumdu-tushungon-zholdoshum-menen-kyzyma-rahmat/
Lady.kg © — Сиздин ишенимдүү курбуӊуз — онлайн!