Коом

Кыргызпатент менен келишим түзүп сый акы алыңыз

Кыргызпатент авторлор менен келишим түзүү үчүн чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы кабарлады.

Мекеменин кайрылуусу композитор, обончу, акын жана драматургдарга багытталган.

«Эгерде сиздин чыгармаларыңыз же сиз аткарган чыгармалар телерадиокомпаниялардын эфиринде же концерттерде, пьесаларыңыз театрларда коюлуп жатса, анда сиз автордук укуктун ээси болуп саналасыз. Сиздин сый акыңызды чогултуп берүү укугун Кыргызпатентке келишим менен өткөрүп берген күндөн баштап, Кыргызпатент сиздин ыйгарым укуктуу өкүлүңүз болуп калат», — деп жазылат маалыматта.

Келишим түзүү үчүн автор өзүнүн жана аткаруучулардын тизмесин толтурууга тийиш. Мисалы, обондуу ырга тексттин автору, обончу жана композитор жазылышы керек.

Кыргызпатент автордук сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү процессин автоматташтырган атайын гиперграф программалык системасын ишке киргизген. Ага автордун чыгармалары жөнүндө маалыматтар киргизилип, жеке бөлүмчө ачылат. Ар бир автор сый акылардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматты көрө алат.

Гиперграф системасына катталуу үчүн кыскача түшүндүрмө менен таанышууга болот.

Булак: Спутник.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button