Коом

Эртең Бишкектеги эки конушта убактылуу таза суу токтойт

Эртең, 25-февралда Бишкектеги “Калыс-Ордо” жана “Мурас-Ордо” конуштарында убактылуу таза суу токтойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чара “Калыс-Ордо” жана “Мурас-Ордо” конуштарында, андан тышкары жаз-жай мезгилине даярдыктын алкагында шаардагы суу түтүктөрүн оңдоо-алдын алуу иштерине байланыштуу.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурап, суу камдап алууга чакырат.

Эске салсак, суу менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча жарандар 1533 кыска номуру аркылуу жарандардын чалуулары боюнча бирдиктүү маалымат борборуна кайрыла алышат. Ошондой эле, шаар мэриясынын 1840 жана 1850 байланыш борбору күнү-түнү иштейт, көйгөйлөр боюнча фото жана видео фактыларды төмөнкү номер аркылуу WhatsAppка жөнөтсөңүз болот: 0554 182 -185.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button