Beeline компаниясы мамлекетке келтирген зыяндын 112,1 миллион сомун бюджетке кайтарды

232

Beeline соода маркасы менен таанылган “Скай Мобайл” компаниясы мамлекетке келтирген зыяндын 112,1 миллион сомун бюджетке кайтарды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай,  аталган компания салык төлөөдөн качканы аныкталып, 2019-жылдын ноябрында Жазык кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Мунун алкагында Финпол “Скай Мобайл” ЖЧКсына текшерүү жүргүзүп, натыйжада компания кирешесин жашырып өзгөчө ири суммадагы салык төлөбөй койгонун ачыкка чыгарган.

“Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания мамлекеттик бюджетке келтирген 112 миллион 103 миң 243 сомдук зыяндын ордун толтурду”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда, Финпол тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана зыяндын ордун толтуруу иштери улантылып жатканы айтылды.