Коңулда жаткан бир курттар болот. Кыймылдабаса анын кандай курт экенин деле билбейсиң. Ал эми кыймылдаса андан сасык жыт чыгат. Ошол курттар сыяктуу жылып, жанын багып жүргөн, анан кыймылдаса эле сасыган адамдар да бар.
Кечээ Жогорку Кеңеш Конституциялык реформа өткөрүү үчүн добуш берип, 87 депутат «макул» деген добуштарын беришти. Ал эми Дастан Бекешев, Ж.Акаев, К.Иманалиев, Н.Никитенко сыяктуу сасыткы депутаттар референдум өткөрүүгө каршы болушуп, куру кыйкырык менен чыгышты. Булар мурда кайда жүрдү эле дейм да?! Эл үчүн кыйратып эмнени жасашты эле?! Кимдир бирөө «ой ушул депутат мына могул ишти жасап, элди жыргатып ийген» деп айта алабы?! ЖОК. АЙТА АЛБАЙТ. Анткени бул депутаттардын артында дагы калдайган калбырлары бар. Чукуса эле чыгат.
Референдум кылууну, башкаруу формасын өткөрүүнү эл талап кылып, эл колдоду. Калктын 80 пайызы президенттик башкаруу формасын колдоп добуш беришти. Эми болсо, коңулдан чыккан коңуздай болуп, дырылдап чыккандарын кантесиң. Андай кыйын экен, убагында башын катып жатпай, элге ачык чыгып, өзүнүн далилдерин ачык айтып, чырылдап чыгышпайт беле?! Булардын оозун ошол кезде кайсыл төө жара тепти эле?!
Конституциянын үч ай боюу коомдук талкууга коюлду. Үч ай боюу чырылдагандар чырылдап, сунуш бергендер сунушун айтып чыгышты го. Булар депутат катары кайсыл гезитке же телеге маек берип, Баш мыйзам тууралуу оюн айтып, кагазын көтөрүп Конституциялык кеңешменин эшигин жыртканын деле уккан жерибиз жок.
Бышкан ашка ким болсо дагы сын айта алат. Аны бышырып жатканда кайпактап качып, кайсыл жерден чалынып кетер экен деп аңдып жаткандар элге жакшы санамак беле?! Ушинтип карасанатайлык менен элди бузалы деп сасып жатышкан да.
Конституция талкууга алынып жатканда кимге болсо дагы эшик ачык делип, Бейөкмөт уюмдарын, депутаттарды, жарандык коомду чакырып, акыл кошкула дешти го. Баргандар барып эле, аралашып турушту. Булар анда кайда жүрүштү эле. Кайсыл кызмат мага тийип калат деп жүрүштүбү?!
Эми болсо сасышпасын.
Элге сасыган депутатардын кереги жок.
Депутат катары ошол Баш мыйзам үчүн ушулар биринчи чуркашы керек эле. Депутат катары ушулар сунуштарын айтып, мурдагы тажрыйбалар менен бөлүшүп, жакшы жагын, жакшы жолдорун сунушташы керек эле. Булар анте алышкан жок. Эми тынч отура беришсе деле болот. Элдин дагы чыдамы акыры түгөнөт. Тараза ташына салынып, талаага чыгып калуулары дагы мүмкүн. Эл өзгөрүүнү каалап турат. Азыр бардык үмүт, тилек ушул Конституциялык реформада болуп турат. Ушуга чейин каалаганын жасап, элге жамынып, элдин акысын уурдагандардын жолуна бөгөт коюулушун каалап турат. Коррупциянын жолун тосуп, тамырлары кыркылса, эл өзү каалагандай билимге, саламаттыкты сактоого болгон укуктарына ээ болгусу келип турат. Акчалуулар алдыга жылып, акчасы жок жакырлар четке сүрүлгөн, көпөстүк коомдун тизгини тартылса деген илгери үмүт бар. А булар ошол жыргал жашоодон куру жалак калабыз деп жанталашып, өздөрүнүн жылуу ордуларынан козголуп жаткандыгына ичтери ачып, болгон сасыгын чыгарып жатышат.