Коом

Финполдо иштеген 400 дөй киши жумушсуз калдыбы?

Мурдагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жоюлгандыктан бул мекемеде иштеген жалпысынан 400дөй адам жумушсуз калууда. Бул тууралуу 9-мартта жергиликтүү маалымат каражаттары  жазышты.

Маалыматка караганда, алардын 300ү офицер, калган 100дөй адам тейлөөчү жана техникалык персонал.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, аларды иштен бошотуу, тийиштүү кенемте акчасын төлөп берүү, окутуу жана кайра окутуу ишин атайын түзүлгөн жоюу комиссиясы жүргүзмөй болуп жатат. Жоюу комиссиясы түзүлгөнү 9-мартта белгилүү болду.

Комиссия Финполдун мүлкү, карыздары, тергеп жаткан жазык иштерин тийиштүү мекемеге өткөрүп берүү менен да алектенет.

Белгилүү болгондой, 12-февралда өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча жарыяланган токтомунда Финансы полициясы ушундай эле аталыш менен калары, бирок Экономика жана финансы министрлигинин карамагында болору жазылган.

Эске салсак, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) 5-мартта жоюлганы кабарланган. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button