Турмушта ойго келбеген түркүн тагдырлар, күтүлбөгөн окуялар, кээде кабырга кайышып, зээн кейиткен жагдайлар көп кездешет экен.

Эки, үч күн мурда эжелүү болдум. Ооба, 40ка чыкканда эжелүү болдум. Кубанычымда чек жок. Арадан ушунча жыл өтүп, атасын көрбөй өсүп, ошентсе да, тууганымды табам деп баш байлап, кыйынчылыктарга карабастан издеп келген эжеме ичим жылып, бир боорум бар экенине сүйүнүп турган чагым. Буга чейин мен алты уулдун астында төрөлгөн жалгыз кыз элем.

Эжем экөөбүз ушунчалык окшош экенбиз, мүнөзүбүз, күлгөнүбүз жада калса көзүбүздүн астында анан моюндагы меңдерибизге чейин окшош экенбиз.
Бир тууганыбызды тапканга баарыбыз кубандык. Бирок, эжемдин атамды бир көрсөм деген үмүтү акталбай калганы арман болду.

Атам алгач эжемдин апасына баш кошот. Жылдызы келишпей экөөсү 4 ай жашап ажырашат. Атам анан биздин апабызга үйлөнөт.

Эжемдин апасы төркүнүнө барганда боюнда бар экенин билет. Бирок, атама айтпастан өзү багып өстүрөт. Балким, атамдын экинчи турмушуна кедергиси тийбесин десе керек. Эжем тайата, таеэнесин ата-апа деп чоңойот. Качан гана таенеси каза болгондо алардын небереси экенин билет. Ошол күндөн тартып атамды издеп баштайт. Ал арада турмушка чыгып, балалуу болуп, өз турмушу менен алек болуп калат.

Күндөрдүн биринде, небереси интернет аркылуу биринчи класста чогуу окуган досун таап алганын айтат. Ошондо эжем, апасынан уккандары боюнча биздин атабыздын атынан коюлган фамилиялуу адамдарды издеп баштайт. Ошентип табышып калдык.

Эжем байкуш өмүр бою өзүн жалгыз сезип өскөнүн, атамды бир эле көрсөм деген көксөөсү басылбай келгенин айтат.
«Жашоодо бир туугандын орду эч нерсе менен ченелбеген, эч бир зат тең келбеген болот экен» – дейт.

– Той кылсам, жалгыз турдум, кайгырсам жалгыз ыйладым, кыйналсам азабын жалгыз тарттым. Эми мен чыныгы бай адаммын. Калдайган алты иним, артымда сиңдим бар экен, – деп бир ыйлайт.

Турмушта, качандыр бир кезде кеткен катанын орду, ушундай кубаныч менен толукталганы жакшы болду. Бизди таппай калса, байкуш эжем өмүр бою өзүн жектеп өтөт беле…

Автору  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.